Шайлоонун жыйынтыктары белгилүү боло баштаган сайын, өлкөнүн мурдагы президенти, өткөн президенттик шайлоодо Ахмадинежадга уттуруп койгон Рафсанжани алдыда баратканы айкын болууда. Ал Эксперттер Ассамблеясына мүчө болууга талапкерлердин тизмесинин башында турат.
Прагматикалык көз караштагы консерватор Рафсанжанинин ийгиликке жетишкенин байкоочулар көптөгөн реформачыл саясатчылар каттоодон өтпөй калып, натыйжада аларга бериле турган добуштар Рафсанджанинин энчисине тийгени менен чечмелеп жатышат. Айрым байкоочулар болсо шайлоочулар тышкы саясатта радикалдуу көз карашты карманган президент Ахмадинежадды колдобос үчүн эле Рафсанжаниге добуш беришти, деп жатышат.
Менимче шайлоочулардын Рафсанджанини колдоп бергени алардын Ахмадинежадга каршы болгонун айгинилейт, анткени Рафсанджанинин позициясы президенттин тышкы жана ички саясатынан түп- тамырынан айырмаланат ,- дейт тегерандык саясат таануучу, профессор Задех Зибакалам.
Андан сырткары Рафсанджанини өлкөнүн исламдык истаблишментиндеги күчтөрдүн тең салмагын түзүүнү көздөгөн аятолла Али Хаменейи да колдоодо.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, Ахмадинежаддын тарапкерлери жергиликтүү кеңештерде да уттуруп койот шекилденет. Тегеран шаарынын кеңешине өткөн шайлоодо заманга шай көз караштагы консерватор, шаар акими Багер Калибафтын тарапкепкерлери көпчүлүк орунга ээ болчудай. Ошону менен бирге эле шаардык кеңеште реформачыл төрт талапкер да орундарга ээ болору күтүлөт.
-Ахмадинежад жана анын тарапкерлери жок дегенде жергиликтүү шайлоодо жеңишке жетише алган жок. Бул калк анын саясатына иренжип турганын айгинелейт. Бул келечекте ага каршы оппозиция жаратуусу мүмкүн. Ал тышкы жана ички саясатта катаң позицияны ээлеп, экономика жана социалдык тармакта берген убадасын аткармак турсун, теңирден тескери багытка түштү,- деп айтты тегерандык белгилүү журналист Машаоллах Шамсолваезин.
Айрым эксперттер бул шайлоодо консерваторлор менен реформачылар бириге алышканын, ал эми радикалдар тескерисинче ого бетер жиктелип кеткенин белгилешет. Бийликте турганда биригүү, колдо бийлик жокто баш кошкондон алда канча кыйын, дешет байкоочулар. Шайлоонун толук жыйынтыгы эки- күч күндүн ичинде чыгарылат.