Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

ЖЭЙМС ТРОБ: КОФИ АННАН ИРАК МАСЕЛЕСИНДЕ ЧАБАЛДЫК КЫЛДЫ


Зейнеп Алтымышева, Прага Жакында эле «Ак-ниет максат: Кофи Аннан жана БУУ Америка дүйнөдө үстөмдүк жасап турган доордо» аттуу китеп жарык көрдү. Бул китептин автору «Нью-Йорк Таймс мэгэзин» басылмасынын автору Жэймс Троб эки жыл аралыгында БУУнун баш катчысы Кофи Аннанды дүйнөнүн төрт тарабында коштоп жүрүп, анын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эле.

Чынында эле Жэймс Троб мырза үстүбүздөгү жылдын соңунда, 31-декабрда кызматтан кетип жаткан БУУнун Башкы катчысын ар кыл сапарларында коштоп жүргөн, ал тууралуу баалуу маалымат бере алчу калемгерлердин бири.

Азаттык үналгысынын кабарчысы Никола Крастев менен жакында курган маегинде Жэймс Троб Кофи Аннандын БУУдагы он жылдык баш катчылык кызматы маалында жетишкен эң чоң ийгиликтерине мындайча токтолду:

-Кофи Аннандын эн чоң жетишкендиктери анын биринчи мөөнөтүнө – 1997-2001-жылдарга туура келет. Ал эми экинчи мөөнөтү өтө эле оор болду десем жаңылышпайм. Аннан адам укуктарына өзгөчө басым жасап, үчүнчү дүйнөнүн көйгөйлөрүнө көп көңүл буруп келди. Африка өлкөлөрүнүн экономикасынын аз да болсо алдыга жылышына өз салымын кошту.

Ошондой эле Жэймс Троб, Кофи Аннандын эн чоң катачылыгын да көз жаздымда калтырган жок. Анын пикиринде Ирак маселеси анын чабалдыгын далилдеди:

-Албетте, анын эң чоң мүчүлүштүгү Ирак маселесинде болду. Бул тек гана Американын Иракка согуш ачкандыгы туура эмес эле деген анын көз карашы менен чектелбейт. Бул – согуш ачуу тууралуу мындай чечимдин кабыл алынышы үчүн Бириккен Улуттар Уюму, анын Коопсуздук Кеңеши башкы курал болушуна жетишүү абзел деп Кофи Аннандын өзүнө жогорку максат коюп алгандыгында болду. Ал дайыма өлкө башчылары, элчилер, тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүп, кеңешип турду. Бирок баш катчы катары кырдаалды өзгөртүүгө күчү жетпеди, мындай иш БУУнун эч бир баш катчысынын колунан келмек эмес.

Жэймс Тробдун пикиринде 1-январдан тарта БУУнун баш катчысынын милдетине кирише турган Бан Ки Муун бул уюмда бир топ реформаларды жасашы мүмкүн. Бирок бул саясатчы дагы уюмдун мүчөлөрүнөн көз каранды болуп кала берет. Себеби, баш катчынын колунда чоң бийлик болсо дагы, аны жетиштүү колдонууга өлкө башчылары жол бербейт деп эсептейт Жэймс Троб.

Азаттыктын кабарчысы Никола Крастевдин суроолоруна жооп берип жатып, Жэймс Троб Орусия дүйнөдө өз таасирин күчөтүүгө умтулуп жатканына токтолуп, андыктан батыштын максаттарына кайчылаш кадам жасоого аракеттенүүдө деген оюн айтты. Мисал катары ал Иран маселесин келтирди.Орусиянын Коопсуздук кеңешинде Ирандын таламын талашканы буга ачык далил дейт Жэймс Троб. Ал эми “Кытай менен Орусиянын Коопсуздук кеңеште бири-бирин колдошу кандай саясий мүдөөнү көздөйт?” деген суроого Жэймс Троб мындай жооп узатты:

-Кансыз согуш дагы эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында жүрүп жаткан сыяктанат, ушундай эмеспи? Франция, Улуу Британия жана АКШ бир жээкте, ал эми Кытай жана Орусия экинчи жээкте кала берүүдө. Тээ Кансыз согуш маалындагыдай эле, Орусия менен Кытай өз ара макулдашылган саясий кадамга анда-санда гана барат, бирок алардын Батышка карата душмандык маанайдагы саясаты бирдей чыгып калууда.

Жэймс Троб Азаттыктын кабарчысы Никола Крастевге берген интервьюсунда Орусия менен Кытай экөө тең аргасыздан окшош турумга ээ болуп жаткан себептердин бири катары эки өлкөнүн тең адам укуктары жаатында сынга алынып жатканын белгилеп өттү.

XS
SM
MD
LG