Азиза Абдрасуловага каршы козголон иш Ленин райондук сотунда каралат. Ага ХИПКке каршы нааразылык акциялары учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып коюулууда. Митингчилер 12-декабрда Дүйнөлүк Банктын алдында Эл аралык валюта корунун башчысы Родриго де Ратонун өздөрү даярдаган сөлөкөтүн өрттөшүп, имаратты көздөй жумуртка ыргытышкан.