Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫНЧТЫГЫ МАРТКА ЧЕЙИН ГАНА САКТАЛАБЫ?


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Прага

Кыргыз өкмөтүнүн толук курамы менен отставкага кетиши коомчулукта анча деле күтүүсүз окуя катары кабылданбагандыгын, тескерисинче бул кадам- Бакиев менен Кулов экөөнүн алдын ала макулдашуусунан улам пайда болгон чечим же катардагы эле саясый оюндун бири, эң негизгиси Акүйдүн башоорусуна айланган парламенттин короосуна ыргытылган таш катары бааланып жатканын айтышууда. Ошондуктанбы, бүгүнкү жарык көргөн гезиттер деле бул окуяны үзүлүп-түшүп жазып чыгышкан жок. Ошентсе да бул тууралуу жазган «МСН» гезити өлкөнүн 1-вице-премьер министри Данияр Үсөновдун айткандарын келтирген, анын айтымында бүгүнкү парламент мурдагы бийлик тарабынан түптөлгөн, анын архитектору Аскар Акаев болгон, демек Акаевдин үлгүсү боюнча «бычылып-тигилген» парламент эч качан бүгүнкү күндүн талабы менен иштей албайт.

Президент менен өкмөттүн башкы саясаты азыркы күндө экономикалык саясат экенин, ошондуктан реформанын тезирээк жүрүшү үчүн парламент өзүн өзү таратууга барганы жөндүү болмогун, азыр мындай эрдикти өкмөт өзү жасагандыгын сөз кылган.Ошол эле учурда ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев жаңы Башмыйзам боюнча өкмөттүн жогоркудай кадамга барууга укугу барын, муну жоо сайган эрдикке салыштыруу акылга сыйбасын, ал эми Жогорку Кеңеш баарын таштап салып, жоопкерчиликтен качып баса бергенге укугу жогун, тескерисинче келечекте боло турган шайлоонун түбүн түптөп, бул багытта биртоп мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгы турганын айтат. Өкмөттүн отставкага кетиши боюнча өз пикирин билдирген президенттик админстрация башчысынын орунбасары Медет Садыркулов, мындай чечимди өлкөдөгү саясый олку-солкулукту турукташтырууга болгон каалоо катары баалайт.

Ушул эле гезит Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын начендиги Манас Акматбеков менен баарлашып, Кыргызстанда коррупциянын гүлдөгөн жери каерде экенин сураганда, ал, коррупция деген билим берүү тармагында деп жооп берет.

«Дело №» гезити «Биз союздаштарданбызбы же душмандарбызбы?» аттуу макаласында Америкалык аскер атып өлтүргөн Кыргызстандын жараны Александр Ивановдун айланасында гезит кабарчысынын жеке иликтөөсүн жарыялаган.

«Белый пароход» гезити астролог Нина Криницкаянын келаткан жылга карата айткандарына орун берген. Астрологдун айтканына ишенсек, 2007-жыл азыркыдан да кыйын болорун, мунун баары ХИПИКтин азабынан чыгып, кан төгүүлөр менен коштолорун, анан аны алтындын ызы-чуусу коштоорун, дүйнөнүн кадыр-барктуу деген адамдары дал ушул ыплас иш менен аралашарын… кыскасы Кыргызстандын бутуна кас-кас туруп келаткан араңжан тынчтыгы мартка дейре гана араң сакталышы мүмкүн…
XS
SM
MD
LG