Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

15:45 Жалалабат: жаш саясатчылар бийликти “ХИПИК“ программасынан баш тартууга чакырууда


Либералдык прогрессивдик, “Мекен биримдиги” жана “ Шериктештик” партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү Кыргызстан ХИПИКке кирсе өлкөнүн саясий кадыр-баркы түшөт, энергетика, салык саясаты өзгөрөт деп белгилешти. Программа кирген өлкөлөрдө ал эл үмүтүн актабаганын айтышты. Өлкөнү 15 жылда карызга батырган коррупционерлер катары экс-президент А.Акаев менен анын жубайы М.Акаева, күйөө баласы Адил Тойгонбаев, мурдагы өкмөт башчы Н.Танаев жана башка жетекчилердин аттары аталды. Жаш саясатчылар аларды эл аралык сотко берүүнү жана сот чечими менен өндүрүлгөн мүлк байлыктар аркылуу тышкы карызды төлөөнү сунуш кылышты.(YA)

XS
SM
MD
LG