- Элден же парламенттен колдоо ишеним болбой калганда өкмөттүн отставкасы парламенттик башкаруудагы өлкөлөр үчүн кадыресе көрүнүш, бирок саясий туруктуулукка жетише албай жаткан Кыргызстанда бул окуя бир аз башкача кабыл алынышы мүмкүн. Сиз үчүн өкмөттүн кечээги чечими күтүүсүз болдубу, же күтүлгөн окуя беле?
- Муну күтсө болот эле. Себеби кеп жаңы Конституциянын кабыл алынышында эмес, керектүү учурда алар Конституцияны бузуп да жатышкан. Мисалы, былтыр 24-мартта келген өкмөт бир жыл бою дээрлик өкмөттүн милдетин аткаруучу болуп иштешкен. Андай конституциялык норма жок. Ал эми кечээки өкмөттүн отставкага кетиши, мунун түпкү себеби такыр бөлөк. Президент парламентке келип эки жолу кайрылды, экөөндө тең минтип айтты: «биз ХИПИКке киришибиз керек, биз энергетиканы сатышыбыз керек, парламентти таркатпайм» деди. Бул эмне дегендик, эгерде ХИПИКке киргенге, энергетиканы сатканга макулдук берсеңер мен силерди таркатпайм деген жымсалданган саясат. Парламент ХИПИКке кирүүгө түп тамырынан каршы болуп жатат, экинчиси - энергетиканы сатууга каршы. Үчүнчүсү - 24-мартта бийликке келген төбөлдөр Кыргызстанга өсүп-өнүгүүнү, коррупция менен күрөшүүнү убада кылган. Бирок, бир жарым жылда, эки жылга жакын убакытта эч дарамети жок экендиги көрүндү, өндүрүш 10 пайызга төмөндөп кетти, тескерисинче соода сальдосу 400 млн. долларды түздү, карыз төлөө мөөнөтү келип жетти. Жоопкерчиликтен качуунун бирден-бир жолу отставкага кетип, баарын парламентке шылтоо. Бул - элдин астындагы жоопкерчиликтен качуу, бул - мыйзамдын астындагы жоопкерчиликтен качуу. Өкмөттүн отставкага кетиши бул парламенттин кезексиз шайланышына эч негиз болуп бере албайт.
- Өкмөт өз билдирүүсүндө белгилеп жатат, отставкага кетишинин себеби катары парламент менен иштеше албаганын, жаңы шайлоону тездетүү керектигин. Эми жаңы Конституцияга ылайык жашоо үчүн жаңы шайлоо өтүшү керек да. Бул үчүн бир гана жол, парламент өзүн өзү таратышы керек. Эми парламент кандай кадамга бара алат?
- Жаңы Конституцияда мыйзам эч кимден бийик эмес, эч кимден жапыс эмес, баарына бирдей. Биз сыйлаган юрист деп жүргөн Феликс Кулов кечээ Конституциялык соттун төрайымы сыяктуу комментарий берип атат. Ал ойлогондой эмес. Анын айтымында, президент кайсы гана күнү болсо жаңы шайлоону дайындоосу мүмкүн. Андан аркы статьяны окуса болмок, президент мыйзамдын гана негизинде жаңы шайлоону дайындай алат. Бул Конституциянын өткөөл мезгил жөнүндө эң акыркы статьясында жазылган президент, соттор жана Жогорку Кеңеш шайланылган мөөнөтүнө чейин иштейт деп. Аны эч ким буза албайт. Эгерде муну бузуп президент кезексиз шайлоо чакырам десе, ал бийликти узурпациялоо болуп саналат. Бул конституцияны бузгандык, мунун негизинде импичмент жарыялынышы мүмкүн.
- Каныбек мырза, азыркы парламент жаңы өкмөттү түзө албайт да жаңы Конституцияга ылайык?
- Эгерде биз чын эле кыргыз элине конструктивдүү иштейли десек, жаңы шайлоо болсо. 2004-жылдын декабрында шайлоо башталган, ошонун ызы-чуусу азыр да бүтө элек. Мына Марат Орозбаевди кечээ эле түрмөгө отургузуп коюшту. Куршаб айылында 700 киши жашаган айылда шайлоо өткөрүш үчүн 400 милиционер барды. Азыркы бийликтин дарамети. Эми 5 млн. эл жашаган Кыргызстанда шайлоо өткөрүш үчүн 7 млн. милиционер керек. Бул эмне дегендик? Кайра шайлоо башталса жакынкы бир жарым – эки жыл жалаң саясий күрөш менен өтөт. Жок, конструктивдүү иштешели десе азыркы өкмөт өкмөттүн милдетин аткаруучу болуп дайындала берет, азыркы парламент үчтөн экиси менен Конституцияга 2009-жылга чейин убактылуу өкмөт жөнүндө бир статья киргизе алат. Азыркы парламеттин Конституциялык укугун бекемдөө жана дагы 15 депутат шайлоо керекпи, же кереги жокпу, кворум 38 болуш керекпи, 46 болуш керекпи, муну Феликс Кулов эмес, муну Конституциялык сот гана чече алат. Биз укуктук мамлекетте жашап жатпайбызбы. Өкмөттүн отставкага кетиши бул жаңы парламенттик шайлоо, же жаңы өкмөт дайындоо эмес. Кеп ХИПИКте. Эл ага кирүүгө каршы болду, демек бийлик ишенимден кетти. Чет элдик донорлорго энергетиканы сатабыз деп убада берип койгон, сата албай жатышат. Үчүнчүдөн экономика эбегейсиз кескин төмөндөөдө. Кыргызстан эгерде 2004-2005-жылга чейин орто көрсөткүчтө жүрсө, азыр шериктеш мамлекеттериндеги көрсөткүчү эң төмөн өлкө болуп калды.
- Ушул кемчиликтерди жанагыдай жагдай оңдой алабы, шайлоосуз өкмөт түзүү жагы?
- Кечээги сүйлөгөндөрдөн Исмаил Исаков, Марат Кайыпов, Досбол Нур уулу, Ж. Рустембеков парламенттик шайлоодо жеңилип калгандар. Демек жеңилгендердин командасы келди өкмөткө. Президент өзү жеңилип калган болчу. Конфликттин башы ошондо башталган.