Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

ИСХАК МАСАЛИЕВ: ӨКМӨТ КЕТСЕ БИРОТОЛО КЕТСИН, УБАКТЫЛУУ ОТУРБАЙ…


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Өкмөттүн кызматтан кеткен окуясы боюнча өзүнүн ой-пикирин «Азаттыкка» айтып берди.

- Сиздин жеке өзүңүз үчүн өкмөттүн кечээги чечими күтүүсүз болдубу, же күтүлгөн эле окуя беле?

- Жашыргандын эмне кереги бар, чын эле бул күткөн кадам болду. Кайсы жол менен барат белгисиз болгон. Бирок, ушуга сөзсүз 1-2 айдын, жарым жылдын ичинде барат деген ой болгон.

- Кандай дейсиз, эми өкмөттүн кечээги кадамы алар өз билдирүүсүндө белгилегендей жаңы Конституциянын иштешине шарт түзөбү?

- Биз Конституция кабыл алганда бир топ саясатчылар, алардын арасында мен деле айткам, бизде бир эле абал коркунучтуу болуп турат, эгер премьер-министр өз ыктыяры менен кетип калса, анда биз Жогорку Кеңеш бүгүнкү курамы менен өкмөттү түзө албайбыз, сунуш бере албайбыз. Ушул абалды внештатный абал деп коет. Бул Конституцияда так жазылбай калган, ошондуктан мындай абалда кандайдыр бир чечим кабыл алыш кыйыныраак болуп турат.

- Шайлоо өткөрбөй туруп жаңы өкмөт түзүүнүн жолдору барбы? Эгер мындай болсо ошол Конституцияга каршы келбейби? Ал үчүн эмне кылуу керек?

- Теорияда бар, мисалы биз ушул конституцияны депутаттар мыйзам менен кабыл албадык беле. Ушуга талкуу берип туруп мыйзам түрүндө, ал талкууга президент кол коюп, кээ бир эрежелерди бүгүнкү күндө кала берсин деп. Бизде ката кеткен, Жогорку Кеңештин депутаттары өзүнүн милдеттерин аткарат аягына чейин деген. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары бул Жогорку Кеңеш эмес да. Эми ошону мыйзамдаштырып, мыйзам кабыл алып, анан президент кол коюп аракет кылсак болот. Бирок ага барышабы, барышпайбы муну мен айта албайм. Өкмөт отставкага кетип алып, кайра өзү толугу менен милдет аткарганы менимче туура эмес. Ушундан эле көрүнүп турат өкмөттүн максаты. Мен ойлоп атам, булар толугу менен кетиши керек, анын ордуна башка адамдарды милдет аткарттырып койсо болот эле.

- Демек, булардын мындай кадамы парламентке чабуул коюу, же келечекте парламентти таратууга түзүлгөн кадамбы?

- Балким ошондойдур. Данияр Үсөновдун айтканынын бир жагы туура эле. Бул парламенттин өзүнүн мүнөзү, түп тамыры кичине башкачарак бийликке караганда. Ошондуктан карама-каршылык да, түшүнбөстүктөр бар. Ошол маселерди чечүүнүн ордуна, балким, хирургиялык жолу менен таптакыр алмаштырабыз деген максаты болушу мүмкүн.

- Сиздин өзүңүздүн жеке көз карашыңызда теорияны айтсак, келерки жылы шайлоо өткөрүүгө өлкө, саясий партиялар даярбы сиздин көз карашыңызда?

- Коммунисттер партиясынын жетекчисимин. Бизге бир топ убакыт берип турса жакшы болот эле. Кээ бир учурда, бирок, биз тандабайбыз да. 3-4 ай, жарым жыл бергенде жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө көпчүлүк партиялар даяр эмес. Дайыма ушундай болот шайлоого 5-6 ай калганда эле чуркай баштайбыз. Чынында саясатычылар көп эле айтканбыз, ушул акыбалга биз сөзсүз жетебиз деп. Убактысы качан болот эле, ошондо маселе турган. Парламент кайра шайланыш керек деген ой асманда учуп жүргөн. Конституциянын түзмө-түз мүнөзүнөн чыгып аткан жыйынтык. Менимче, бул трагедия деле эмес - 77 адамдын трагедиясы. Партия даяр эмес болсо деле 45 күндө даярданат. Мисалы, өкмөттүн партиясы да, оппозициянын партиясы да даяр эмес. Менимче тең эле акыбал болот го.

XS
SM
MD
LG