Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

КЫРГЫЗДЫН ТООСУ ТОЛГОН КЕНЧ


Окумуштуулардын болжолунда Кыргызстандын Чоңалай, Ысыккөл, Нарын аймактарында карамай менен газдын ири запастары болушу ыктымал. Эгер геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы оңунан чыкса Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетикалык лөк мамлекеттердин катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жасашты.

Социализм тушунда Кыргызстан аймагында мунай менен газдын запасы өтөле аз, ошол себептүү бул тармакка көңүл буруунун кереги жок делинип келген. Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун директору Кадырбек Сакиевдин айтуусунда, Чоңалай өрөөнүндө мунай кени болушу мүмкүн экендиги окумуштууларга мурда эле белгилүү болчу.

- Алай өрөөнүндөгү мунайдын бардыгы да мурда эле белгилүү болгон. Албетте, илимий негизде. Анан өзүбүздө каражат болбогондон кийин аны биз чет элдик фирмаларга өздөштүрүүгө беришке мажбур болдук. Белгилүү мунай, газ кендерин иштетүүгө азыр өзүбүздүн каражатыбыз, күчүбүз жетпейт,- дейт К.Сакиев.

Ушу тапта орусиялык «Газпром» компаниясынын көмөгү менен Майлусуу менен Кочкоратанын жанындагы мурда изилденген жерлер кайрадан дагы чалгындалып жатат. Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Сергей Кириенко буга тийиштүү каражат бөлүнгөнүн өткөн аптада Бишкекке келген чагында маалым кылды.

- Газпром келишимге кол коюлушун күтүп отурбай каражат бөлүп берди. Ишти аткарчу компания да белгилүү. «Зарубежнефтегазгеология» компаниясы кен чалгындоо иштерин баштоонун алдында турат.

Академик Апас Бакировдун ырасташынча, тоо кыркаларынын түгөнүшүнөн мунай кенинин чыгышы ыктымалдыгы геология илиминде кийинки жылдарда эле дайынга чыккан чындык. Буга чейин ири кендер көбүнесе түз жерлердин түбүндө болору болжолдонуп, кен изилдөө, чалгындоо жумуштары ошол багытта жүргөн.

- Мына эми биздин изилдөөчүлөр менен биргеликте «Кадима петролиум» компаниясы Майлусуунун жанынан мунай кенин табышты. Кызык жагдай, мурда Майлусууда карамай жылжып жер бетине чыгып, үйлөрдүн короосун басып кеткен. Бирок бул жерде кендин запасы аз дешип бургу салышкан эмес. Бул жерде мунайдын ири кени бар экен. Фергана тоосунун түштүк жагынан да мунай кени табылды. Фергана тоосунун түгөнүшү кенге бай жер,- дейт академик Апас Бакиров.

Ушундай эле кенге бай жерлердин катарына Ысыккөлдүн түштүк-батыш жээги, Нарын аймагы, Чоңалай да кошулат. Маселен, ушу тапта Памир тоосунун батыш жагынан тажиктер, түштүгүнөн кытайлар мунай кенин таап иштетишүүдө. Кыргызстандын болсо азырынча ири мунай кени чыга турган жерди иштетүүгө буямасы келбей жатат. А.Бакиров Кыргызстандын аймагында мунайдын ири запасы бар дейт.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рена Максумова Чоңалайды изилдөө иштери жакшы жүрбөй жатканын белгиледи. Анын кесиптеши Владимир Киселев Нарында мунайдын ири кени бар деген болжолун ортого салды.

- Өзгөчө үмүттөндүргөн жер Нарын куймасы, Нарын. Ал жерде кылдат иликтөө, геофизикалык иштерди жүргүзүүгө шарттар бар. Ушундай эле ойду Ысыккөлдүн түштүгү тууралуу айтса болот.

В.Киселев Кыргызстан мунайдын запасы боюнча Орто Азия республикаларынын ичинде алдыңкы орундарды ээлеп, дагы 40 жылга чейин өткөн кылымдын 30-жылдарынын деңгээлине салыштырмалуу аны 5 – 6 эсе көп өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG