АРТ клубунун түзүлгөнүнө беш жылдын жүзү болду. Кыргыз элинин көркөм өнөрүн, маданиятын сактап калып, андан ары жайылтуу макстын көздөгөн бул клубдун 100дөн ашык мүчөлөрү бар. Төрагасы маданият министри Султан Раев. Орун басарлары шаар мэри Арстанбек Ногоев жана Майрам Юсупова. Клубдун мүчөлөрү тез-тезден эле жолугушуп, ар кандай көргөзмөлөрдү, фестивалдарды уюштуруп турушат. Ал эми бүгүнкү жолугушуунун программасы туурасында Майрам Юсупова мындай дейт.
-Жаңы жылы менен куттуктайбыз. Конокторго сөз беребиз. Андан соң чакан концерт болот. Концерттен кийин залда отургандардын баарына шам берип, маданий көркөм байлыгыбызды мындан ары да сактайлы деген жакшы тилектерди айтуу менен шамдарды күйгүзүп, иш-чараны жыйынтыктайбыз.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган сүрөт көргөзмө ачылат. Аталган элчиликтен билдиришкендей бул көргөзмөдө авангард стилиндеги эмгектер коюлат. Келген коноктор ошондой эле музейде жүрүп жаткан башка дагы бир катар көргөзмөлөргө күбө болушуп, Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналып чыгарылган “Алтын казына” китеп альбомун сатып алганга мүмкүнчүлүк алышат. Түркиянын мамлекеттик басмаканасынан 1200 нускада чыккан бул китеп альбомго музейдеги көркөм сүрөт, графика, айкелчилик, кол өнөрчүлүк бөлүмүнөн тандалып алынган эң мыкты деген эмгектер киргизилген. Жалпысынан 418 чыгарма чагылдырылып, кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылган.