Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

РОЗА ОТУНБАЕВА: ПРЕЗИДЕНТ ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ КЫРДААЛДЫ БИЛБЕЙТ


«Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева «Азаттыктын» кабарчысына кыргыз өкмөтүнүн өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүнө туура баа берерин билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада коом экиге бөлүнүп калганда өкмөт түп орду менен кызматтан кетип, анын ордуна техникалык өкмөт түзүлөт. Экс-министр менен кабарчыбыз Аманбек Дилденбай маектешти.

-Роза айым дүйшөмбү күнү өкмөттүн толук курамы өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүнө кандай баа бересиз?

- Мен туура эле баа бердим. Анткени биз бир ай мурда эле маалымат жыйынын өткөрүп, жаңы Конституцияга ылайык өкмөт кызматтан кетиш керек, болбосо саясий реформа күчүнө кирбейт деп айтып чыкпадык беле. Андан сырткары президент жаңы Конституцияга карама-каршы жардыктарды чыгарып, президент жаңыча иштебей, эскиче иштеп жатат, десек өкмөттүк маалымат каражаттар бизди каралап чыгышкан. Куловдун айткан сөздөрүнө караганда мына ошондо эле кетиш керек деген ой келиптир.

- Роза айым өкмөтүн өз калоосу менен кетүүсүнө эмне себеп болду? Конституциянын жаңы редакциясы менен аткаруу бийлиги жазга чейин иштеп турса кандай болот эле?

- Президент менен премьер-министр жаңы Конституциянын тексти боюнча иштей албайт. Анткени булар бири-бири менен карма-каршылыкка келип атышат. Конституция күчүнө кире баштаганда Кулов иштейин десе, Бакиев ага таптакыр жол бербей калды. Кулов иштейин десе, анын үстүндө Бакиевдин “көзөмөлдөөчүсү” Үсөнов турат. Ошентип булар, биринчиден ич ара абдан чоң карама-каршылыкта туруп атышат. Экинчиден мен ойлойм, президент 18-декабрда түз эфирден эл алдында сөз сүйлөп, 19-декабрда өкмөт тарап атат. Ал эми президент сыналгыдан жылды жакшы аяктап атабыз, өкмөт мыкты иштеп атат, деп мактады. Бул болсо өлкөдөгү саясий кырдаалды президенттин билбегендиги, сезбегендиги. Бардыгын жашырып-жаап канча болсо дагы отурган кызматыбыздан жылбайлык, мөөнөтүбүз бүткөнчө креслобузда отура берелик деген кеп. Мына азыр өкмөт ички карама-каршылыктын негизинде, экинчиден атуулдук позициясын көрсөтүп кетип атканы туура деп атам. Ошол эле учурда мага мындай сезилди. Өкмөттү таратуу боюнча жанагы он депутаттын каты. Анда жазылгандар менен Үсновдун сөзү бир эле сөз, бир эле текст менимче. Бул жерде кандайдыр бир уюштурулган деген ой да бар. Бул өкмөт жөн эле атуулдук позициянын негизинде кетип аткан жок. Булар бардыгын эсептеп туруп, андан кийин бул жол ыңгайлуу деп, бардыгы тарап атканы сезилет. Ошол эле күнү президент БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдыраимовду кызматтан четтетип, Анын ордуна башка адамды дайындап атат. Мунун бардыгы кандайдыр бир “знаковый” белгилер.

- Өкмөт өз каалоосу менен кызматтан кеткенде дүйнөлүк тажрыйбада кандай ыкма колдонулуп жүрөт?

Көп өлкөлөрдө мындай тажрыйба бар. Коом экиге бөлүнүп, момундай “саясий элиталар” тирешип турган учурда өкмөт түп орду менен кызматтан кетет. Анын ордуна техникалык өкмөт түзүлөт. Ошондой тажрыйбаны атайын мыйзам менен киргизсе болот эле. Андай өкмөткө мурда иштеген иш билги, кадыр барктуу, таза адамдардан министрликтерди башкартып коюшат. Мына бизде ар бир министрликте статc-катчылар бар. Мына ошол статc-катчылар министрликтин аппаратын иштетип турушат. Ошондуктан мен ойлойт элем, эгерде техникалык өкмөт келсе, анда саясий күчтөргө тең укутарды,тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет эле. Мен азыркы өкмөт ордунда отурушун каалабайм. Азыр болсо бийликтин партияларына, бийликтин кызыкчылыгына иштеп беришет. Сөзсүз ошондой болот.

- Роза айым, өлкөдө саясий кризис болуп, баш аламандык өкүм сүрбөйбү деген суроо туулат?

- Бизде азыр “дестабилизация” болуп атат дегенге эч кандай негиз жок. Мен айтат элем. Канчалаган өлкөлөр мындан миң эсе оор кырдаалдарга калып, кыйынчылыктардан өтүп атышат. Чачырабай, кырылышпай эле өнүгүүнүн жолуна түшкөндөр бар. Биз эл болобуз, өз алдыбызча улут болобуз десек, мындай анча-мынча кыйынчылыктардан өтүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG