Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

ТУРСУНБЕК АКУН: ПРЕЗИДЕНТ МЕНИН СЫНЫМДЫ ТУУРА ТҮШҮНҮҮДӨ


Маектешкен Кубат Оторбаев «Азаттык» менен Мамлекеттик телерадио компаниянын «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсүнүн бул жолку мейманы – Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болду. Аны менен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу сөз болду.

- Cиз мурда көчөдөгү адамдардын укугун коргочу элеңиз. Былтыркы 24-марттан бери сиз Акүйдө отуруп, адам укуктарын коргоп атасыз. Экөөнүн кандай айырмасы бар экен? Чиновник болуп туруп адам укугун коргоонун кандай өзгөчөлүктөрү бар?

- Өзгөчөлүктөр аябай чоң. Анткени көчөдө жүрүп кыйкырып, бирөөлөрдүн кызматтан кетишин талап кылып, бирөөлөрдү сотко чакырып, бирөөлөрдү катуу маскаралап, ар кандай сөздөр айтылып кетчү, ошентип кыйкыра берсең болот көчөдө. Ал эми Акүйдө мамлекеттик кызматта отуруп, кандайдыр бир сөздөрдү айтсаң туура келбейт. Ошондуктан Акүйдө мамлекеттик кызматта иштеп аткан адам ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөш керек.

- Мисалы, сиз көчөдө жүргөндө кабинетиңиз, машинеңиз жок эле. Азыр Акүйдө отуруп сиздин машинеңиз бар, өзүңүздүн катчы кызыңыз болсо керек, телефонуңуз бар дегендей, кайсынысы ыңгайлуу экен? Азыр жагып атса керек бул жумуш?

- Бул жумуш канчалык жакканы менен ошончолук чоң жоопкерчилиги бар. Мурда көчөдө жүргөндө жоопкерчилик аз болчу. Азыр жоопкерчилик аябай көп. Анткени миңдеген адамдар Акүйгө, президентке арыз менен келип атат. Ошол маселелер мени күнү-түнү түйшөлтөт. Ошону чечиш керек.

- Мисалы, сизден жогору турган айрым бир чиновниктер сизди сынга алган убактары барбы? Мисалы, сиз кээ бир учурларда оппозициянын өкүлдөрүнөн кем эмес сындарды бийликтин өзүнө айтып атасыз, ошол эле убакта Акүйдөн айлык жеп атасыз?

- Эң негизгиси, мен президентке баш ийем. Президент мени сындаган жок, ал туура түшүнүп атат менин сыныма. Ошонусуна ырахмат. Ал эми кээ бир майдараак чиновниктер, ал адамдан кийинкилер мага акылдуусунуп, акыл айтып, сен кичине катуурак сындап атасың, президентке сөз тийгизип ийдиң, оппозиция менен дос болуп кеттиң, деп акыл айтканга аракет кылышат, ошондой акылдуусынгандар бар. Бирок аларга мен өзүмдүн туура аргументтерим менен абалды түшүндүрүп атам.

- Жаңы Конституция кабыл алынбадыбы, ушул Конституциядагы адам укуктарын коргоо жаатындагы беренелер сизди канааттандырдыбы?

- Мени адам укугу жаатындагы беренелер толугу менен канааттандырды деп эсептейм. Бир гана жери - Конституциялык сотко атуулдар адам укугу же эркиндиги боюнча кайрыла албай калышты. Мына ушу канааттандырган жок.

- Ошол берене алынып салынды да?

- Ошол өтпөй калды. Бирок дагы бир жакшы нерсе, адам укугу боюнча көп беренелер кайрадан кошулду, ошол жагы бар. Айрыкча өлүм жазасынын алынып салынганы - бул колдоорлук нерсе.

- Сиз бул өтө чоң алдыга жылыш деп эсептейсизби?

- Өзүңөр билесиңер, 2005-жылы декабрь айында президенттин жарлыгы менен өлүм жазасы убактылуу токтотулган. Дүйнөлүк коомчулук президенттин ошол жарлыгын аябай колдоп чыкты.

- Өлүм жазасын буга чейин саргарып күтүп келген адамдардын укуктары кандай болот? Алардын жагдайы кандай?

- Эми мыйзам кабыл алынса, өлүм жазасы 20-25 жылга, өмүрүнүн акырына чейин отурганга алмаштырылат деп ойлойм. Депутаттар эми мыйзамды кандай кабыл алганга жараша болот.

- Түрмөлөрдөгү адам укуктарынын корголушу боюнча өтө көп проблемалар бар экенин билебиз. Өзгөчө маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнөн кийин түрмөлөрдөгү жагдай өтө оор экени белгилүү болгон. Азыр эми ошол түрмөдө жаткандардын укуктары кандай корголуп атат деген ойдосуз?

- Бүт бардыгы салыштырмалуу билинет. Бизге жакында Өзбекстандан өкүлдөр бар, ал өлкөдө өлүм жазасынакаршы чыккан уюм бар. Аны Тамара Чикунова жетектейт. Ал баштаган топ келип биздин түрмөлөрдү кыдырып кетишти. Алар айтат, “биздин Өзбекстандагы түрмөлөргө караганда абал асман менен жердей экен, шарты бар экен” дешип. Алар бизди мактаган сыяктуу айтып атышат. Аларга салыштырмалуу бизде жакшы. Бирок Кыргызстанда абал оор. Ошону эл аралык стандартка келтириш үчүн биз аракеттерди көрүшүбүз керек. Мисалы, түрмөдө жаткан бир адамга болгону күнүнө араң 17 сом бөлүнөт экен. Бул албетте аз. Анын шарттарын жакшыртуу үчүн ар бирибиз аракет кылышыбыз керек, мамлекет дагы.

- Биз көбүнчө адам укуктары жөнүндө сөз кылганда саясий укуктар жөнүндө гана айтабыз, анан адамдардын экономикалык укуктары жөнүндө көбүрөк иш кылбай жаткандай сезилет сиздердин комиссия. Атап айтканда, адамдарды паспорт менен камсыз кылуу жаатында иш кылдыңыздарбы?

- Бизде орган бар паспорт менен элди камсыз кылуу боюнча. Ошолор аракеттердин барын көрүп атат. Бирок ошондой болсо да бизге адамдар арыз менен кайрылып, президенттин наамына, менин наамыма кат алып келип атышат. Паспортту алууга мүмкүн эмес, эгер 200 евро төлөсөң гана паспорт беришет экен. Көп жагынан алардын айтканы туура болуп атат. Мен дагы ошол комитеттин жетекчиси менен бир нече ирет сүйлөштүм ушул маселелер боюнча. Көп адамдарга паспорт алганга жардам берип атабыз бул маселе боюнча. Бирок баары бир коррупция калып атат.

- Сиздерге кайрылуунун жол-жобосу кандай? Сизге бирөө арыз менен кайрылгандан кийин сиз ошол маселелерди кантип чечесиз?

- Президенттин наамына, анан менин атымды көрсөтүп кат жазыш керек. Ал кат каттоодон өткөндөн кийин президенттин көзөмөлүнө коюлат. Көп адамдар жөн эле мени менен жолуккусу келет, же президентке киргиз деп келишет. Биз жөн эле кабыл албайбыз да. Арызды алып, окуп көрөбүз, таанышабыз, юридикалык экспертизадан өткөрөбүз. Андан кийин ошол адамдын маселеси менен таанышкандан кийин аларды чакыртып, жолугушуп, анан маселесин чечүүгө аракеттерди көрөбүз.

- Өткөн аптада Бишкекте Бах көчөсүндө жашаган түрк улутундагы адамдардын пикети болду. Ал жердегилер айтып атышат, биздин укуктарыбыз тепселенип атат, атап айтканда, биздин жер үлүштөрүбүздү Бишкек бийлиги башкаларга тартып берип коюп атат деген пикирлерди айтышты. Сиздер эмне иш кылып атасыздар ушул боюнча?

- Мен ушул маселе боюнча шаардын мэри Арстанбек Ногоев менен жолугуп келдим. Ушул маселе боюнча ал киши Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов менен, министр Марат Кайыпов мырза сүйлөштү юридиалык жагын такташ үчүн. Азыр пикетти жаңы эле мен таратып келдим туура түшүндүрүп. Бүгүн да алар менен барып жолугушам. Бул маселени сот органдары кайдыгерлик менен карап койгон. Кээ бир кыргыз жигиттери улут маселесин көтөрүп жиберет, түрктөр башка жакка же Түркияга кеткиле деп. Биздин мамлекет демократиялык жолдо болгондон кийин эч качан улут аралык маселени көтөргөнгө жол бербешибиз керек. Жаманбы, жакшыбы алар убагында алышкан ошол участокторду. Муну бөлүш үчүн өтө кылдат болушубуз керек. Ошон үчүн биз шаардын мэри менен бул маселе боюнча өтө тыгыз жана этият иштейли деп чечтик.

- Кыргызстан былтыр Анжиян окуяларынан кийин өзбек качкындарын да кабыл алгандыгы белгилүү. Ошол Өзбекстандан келген адамдардын укуктары кандай сакталып атат Кыргызстанда?

- Өзбекстандан келген качкындарды Кыргызстандын кабыл алганынын өзү бул демократиянын чоң принциби. Өзүңөр билесиңер биз былтыр 439 адамды Румынияга жиберип, эл аралык конвенцияны аткардык. Кыргызстан 5 качкынды башкы прокуратуранын чечими боюнча Ташкенге берип койдук. Бул эларалык келишимдерди бузгандык болуп эсептелет. Бирок азыр эң жаман жери Кыргызстандагы кээ бир качкындар күндүзү бар да, түнүчүндө жоголуп кетип атат, аларды Өзбекстандын укук коргоо органдары уурдап кетип калып атат. Ага биздин укук коргоо органдары көмөк көрсөтүп коюп атат, кандайдыр бир акча алып, башка кылып. Мына ушундай адам укугун бузуулар бар. Бирок биз катуу аракет кылып атабыз.

- Сиз ошол качкындардан улам баш прокурор Камбаралы Конгантиев менен катуу салгылашып жүргөнүңүз эсибизде. Анын соңу эмне менен аяктачудай?

- Мен президентке кайрылдым, баш прокурор эларалык нормаларды, эларалык конвенцияны бузду деп. Бул боюнча Варшавада катуу сөз болду. Баш прокурордун туура эмес аракетинин негизинде биз эларалык коомчулукка көп жагынан сөзгө калып калдык, президент сөзгө калып калды. Бул боюнча президент өзү чечим чыгарыш керек. Бирок кандайдыр бир деңгээлде бул боюнча дагы баш прокуратура мурдагыдай болбой калды. Мындан кийинки максат – мындан ары бизге келген качкындарды кайра Өзбекстанга бердирбешибиз керек. Мен колуман келишинче президенттин атынан Варшавада эптеп мамлекеттин наамын коргогонго аракет кылып келдим.

- Дагы эле ошол адам укугу, четтен келгендерге, паспорт маселесине байланыштуу дагы бир маселе. Четтен келген кыргыздар Кыргызстандын атуулдугун ала албай бир топ кыйналышат. Паспорт ала албай жүрүшөт. Ушуларга сиздер олуттуу жардам көрсөткөн учурларыңыздар барбы?

- Менин пикирим ушундай, Жергеталга, Тажикстандын башка райондоруна барып келдим, негизи четте жүргөн кыргыздар бул жакка азыраак келсе, анткени ал жерлер да кыргыздын жерлери болгон. Бирок, эгер бул жакка келем деп чечишсе аларга Кыргызстан атуулдугун эч создуктурбай эле бериш керек.

- Турсунбек мырза, сиз ошол эле учурда, бир жерден айткан элеңиз, чет мамлекетке кетип жаткан кыргызстандыктар бул Кыргызстандын патриоттору эмес деп. Анткени кыйын учурда өз жандарын багып ошол жакка кетип калып, Кыргызстандын өзүнүн абалын ойлобой атат деген пикирди айттыңыз эле. Азыр мурда айтканыңызга карама-каршы пикир аткандай сезилип турасыз?

- Жок, ага карама-каршы эмес. Мен ойлойм, бул жерге башка өлкөдөн кыргыздар келсе тоскоолдук жок. Мисалы, Жергеталдагы кыргыздарга барып келдик, алар Кыргызстанга качып кетип атат, ортодон атайын уюштуруп алып келгендер бар, ортодо көп акча жүрөт. Ал эми бул жактан кетип аткандарды мен патриот эмес деп айтканым чын, мойнума алам.

- Мамлекет мисалы, аларды иш менен камсыздай албаса, иш бере албаса, аларды жарытылуу багып, шарт түзө албаса, өздөрүнүн жанын өздөрү багып аткандарды кантип патриот эмес деп айтканга болот?

- Ошол адамдар кечирип койсун. Менин күнөөм бар, мен экинчи жагын толук айтпай калыптырмын. Аларды патриот эмес деп сындаганым чын, бирок экинчи тарабын айтпай калганым - Акаев жетектеген мамлекет, азыр Бакиев жетектеп аткан мамлекет - биздин чоң кемчилигибиз - ошолорду иш менен Кыргызстанда камсыз кылалбай жаткандыгыбыз. Бул жерде алардын эле күнөөсү эмес, биздин да күнөөбүз бар.

- Дагы бир маселе, сиздин өткөн тарыхыңызга кайрылсак. 2004-жылы ноябрь айларында сиз жоголуп кеттиңиз эле. Ал учурда айтылды эле Улуттук коопсуздук кызматы уурдап кеткен деп. Ошону ачыктап берсеңиз, ошол учурда сиз кайда болдуңуз эле, кайда жаттыңыз?

- Мен кайда жатканымды билсем азыр барып көрсөтөт элем да ошол жерди. Мен билген жокмун да...

- Ошол абалды айтып бересизби - кайдан уурдап кетишти, кайсы жерден сизди кайра бошотушту?

- 16-ноябрда мен түнүчүндө Украинага учмакмын. Ющенко менен Януковичтин шайлоосу болмок, ошол жакка эл аралык байкоочу катары бармакбыз. Ошол күнү кечинде УККнын кызматкерлери чакырышты УККнын министри Калык Иманкулов жолукканы атат деп. Ага чейин да бир кирейин деп айткам. Жолугайын деп бардым. Барсам эки жигит турган экен, мен тууганымды кетирип жибердим. Эки жигит машинеге түш дейт, отурдум, кичине машине жылгандан кийин башыма катуу урду, эсимен танып калдым. Үч күндөн кийин көзүмдү ачсам жертөлөдө жатам. 15-16 күн ошол жерде жаттым. Адегенде коркутушту, “Акаев жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып бер, Акаев жакшы, кызы, балдары жакшы, дагы бир мөөнөткө барсын” деп айтып бер, биз дароо чыгарабыз, болбосо өлтүрүп коебуз, дешти. Мен айттым, мен эч кандай деп айта албайм, ушундай пикирде турам, мени коркутуп эч нерсе кыла албайсыңар дедим. Аңгыча болбой элдер көтөрүлдү түштүктөн, Аксыдан, Нарындан, Бишкектен, силер “Азаттык” берип турдуңар, эларалык коомчулук жардам берди. Анан алар корко баштады дагы, 15-16чы күнү мени алып келип, жарым саат жол жүрдүк, башыма кара чүпөрөк кийгизип алып келип Бишкектеги №4 оорукананын жанына таштап койду...

- Эмне тамак жеп аттыңыз ал жертөлөдө? Шарт кандай болду?

- Ар түрдүү тамак, кесме берет. Ошол мени кармап жаткан адам милициянын катарында иштейт.

- Азыр сиз өзүңүз Акүйдө отурасыз, колуңузда жетиштүү бийлик бар. Ошол ишти ачууга өзүңүз арыз бердиңизби азыр иликтеп көрөсүздөрбү деп?

- Мен эч арыз бербейм, аны силер бергиле, коомчулук берсин, эл берсин.

- Жабыр тарткан адам сизсиз да?

- Бирок мен бийликте отурам да. Бийликте отуруп азыр мен бирөөлөргө көрсөтмө бере турган болсом, анда мен кызмат абалынан пайдаланган болом. Аны көтөрүп эл айтсын. Эмне үчүн ушуга чейин менин ишим изилденбей калат. Мен өзүм айтсам бийликте туруп бирөөгө кысым кылган болом.

- Сизге байланыштуу дагы бир маселе. Депутаттыкка бир нече жолу атсалыштыңыз го мен билгенден?

- Эки жолу.

- Эмне үчүн өтпөй жаттыңыз, же эл арасында кадыр-баркыңыз ушунча аз бекен?

- Билбейм азбы, көппү, аны эл билет да. Бирок депутаттыкка өтүш үчүн эки нерсе керек экен. Биринчиден, уруучул болушуң керек экен, экинчиден, акчаң болуш керек экен. Оштон же Нарындан болсоң - ошол өрөөндүн камчысын чаап кыйкырышың керек экен, аркалыктар тигиндей, же сарттар деп оштуктарды айтышың керек экен. Мен аны айта албайм. Мен кыргызстандыкмын деп эсептейм өзүмдү. Анан экинчиден, мен арам оокат менен акча тапканды билбейм. Акчасы жок адаммын. Акчасы жок адам өтпөйт экен. Бирок канча миңдеген адамдар мага добуш беришти. Ошол депутат болуп шайланган адамдарды мен көрдүм, алар кандай иштеп атышканын. “Сизди эле шайласак болмок экен” дегендер бар. Ал үчүн коррупцияга, мафияга барышың керек экен. Чоң акча табышың керек, анан ошону менен депутаттыкка барышың керек.

- Омбудсмен институту менен сиздин комиссия иш талашпайсыздарбы, бири-бириңиздерди кайталабайсыздарбы?

- Мен бир нече ирет айттым, биздикиндей он комиссия болсо дагы, анан он акыйкатчы институту болсо дагы аз. Бизде 5 млн. калк болсо ошонун 4 млн. адамынын укугу тебеленип атат. Ошонун барына жетишпейт. Бизде бөлүшө турган эч нерсе жок. Ошон үчүн акыйкатчы институту да, дагы бир комиссия керек, студенттердин, инженерлердин омбудсменин түзүп алса болот деп айтып атпайбы. Ошон үчүн бөлүшө турган эч нерсе жок. Мисалы, жакында Казактандын 15 жылдыгына карата, Желтоскандын 20 жылдыгына карата конференция болду. Ошол конференцияга бизден Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев жана мен барып катыштык. Ошол конференцияда Роза Исаковна, мен ал кишини аябай сыйлайм, аябай жакшы доклад жасады, бирок кыргыз президентинин ишин нөлгө теңеп койду. Мен бул чечимге кошула алабайм, нөлгө теңегенге болбойт. Жаманбы, жакшыбы көп иштер жасалып атат президент тарабынан, көп иштер жасалбай атат...

- Мисалы, сонку убактарда ХИПИКке байланыштуу өтө көп пикирлер айтылып атат. Жалпы кыргыз элинин укугу тебеленип аткандай таасирлер бар деген пикирлер. Саясатчылар, депутаттар айтып атышат - ХИПИК боюнча референдум керек эле деп. Элдин пикирин өкмөт сураса болот беле?

- Мен ойлойм ХИПИК боюнча эл чыгып атпайбы, ошолордун пикири менен сөзсүз эсептешиш керек. Алардын пикири менен эсептешпей туруп мамлекет да, өкмөт да эч кандай чечим кабыл албаш керек деп ойлойм. Бирок эгерде талап кылынса кандайдыр бир референдум же чоң курултай өткөрөбү бул маселе боюнча. Жакшы талкуулап туруп, жети өлчөп бар кесип, чечим кабыл алыш керек.

- Элдик курултай деген ушундай учурда керек деген ойдосузбу?

- Ушундай учурда керек болчу, ошону Конституцияга киргизбей койбодубу.

- Сизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG