Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев Түркмөнбашынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Ниязовдун жакындарына, түркмөн элине, президентинин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда Сапармурат Ниязовдун кыргыз-түркмөн достугун чыңдоого кошкон салымы баса белгиленген. Президенттин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда, 24-декабрдагы Түркмөнбашынын аза күтүү расмийине кыргыз бийлигинен баруучу адамдардын тизмеси такталууда.