Мындай кара тизмеге арак жана арак-ликер ичимдиктерин өндүрүүгө уруксат кагазы жана тиешелүү жабдуулары талапка жооп бербеген ишканалар кирет. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов кол койгон токтом боюнча 2007-жылдын 1-январынан тарта алкоголдук ичимдиктерди сатуу тартиби да өзгөрүлмөкчү. Спирт ичимдиктерин сатуунун жаңы эрежелерин иштеп чыгуу спирт жана алкогол ичимдиктерин өндүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. (ZKo)