Өкмөт Кыргызстандын өзүндө чыгарылган алкоголдук ичимдиктерге акциздик салыкты төмөндөтө турган болду.Ошол эле убакта сырттан алып кирилүүчү спирт ичимдиктеринин акциз салыгынын наркы жогорулайт. Мындан тышкары аткезчилик менен алып келинген жана жасалма алкогол ичимдиктерине, жасалма товардык белгилер менен акциздик маркаларга көзөмөл күчөмөкчү. Мындай токтомго Феликс Кулов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. (ZKo)