АКШнын жаңы коргоо министри Роберт Гейтс кечээ күнү Иракка болгон эки күндүк сапарын аяктады. Багдад шаарынан кетип жатканда журналисттерге ал - Ирак өкмөтү өлкөдө коопсуздук орнотуу планын иштеп чыкканы тууралуу билдирди. Анын айтымында, ал план эми Вашингтондо талкууланат жана Ирак жетекчилигине жаңы сунуштар айтылат.