Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча Бээжин шаарында өткөн алты тараптуу сүйлөшүү кечээ күнү жыйынтыксыз аяктады. Пхеньян ага каршы былтыр АКШ таратпан салынган экономикалык чектөөлөрдүн алып салынышын талап кылды, америкалык өкүлчүлүк болсо сүйлөшүү өзөктүк изилдөөлөр тууралуу болуш керек деп билдирди. Америкалык адистер былтыр билдиргенге караганда, Түндүк Корея америкалык долларларды басып чыгарган жана аларды чет өлкөлүк банк аркылуу адалдаган.