Орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Киев шаарына келип, Украинанын президенти Виктор Ющенко жана премьер-министр Виктор Янукович менен жолукту. Сүйлөшүүлөр негизинен Украинага кошумча мунай жана газ берүү айланасында болду. "Украина менен биз эркин экономика негизинде кызматташууга даярбыз жана зарылчылык болсо Украинага кошумча отун берүү мүмкүнчүлүгүн караштыра алабыз", - деди Путин Киевде. Андан тышкары жетекчилер Орусия менен Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүү маселелерин дагы талкуулашты.