Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров баштаган бир нече расмий өкүлдөрдөн турган делегация бүгүн Түркмөнстандын борбору Ашгабат шаарына жөнөп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар экендиги тууралуу маалымат берилген жок. Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовду жерге берүү расмысы эртең, 24-декабрда болот. (ZKo)