Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

БАКИЕВ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ ТУУРАЛУУ ЖАРЛЫК ДАЯРДАП ЖАТАБЫ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Өкмөттүн кызматтан чегинишинен кийин азыркы парламенттин келечегинен күмөн санаган пикирлер арбыды. Ошондой эле өлкөнүн саясий турмушунда парламентти жакынкы күндөрү президент өз жарлыгы менен таркатат деген имиш тарады.

Өкмөттүн кызматтан чегиниши жаңы Конституциянын чындап турмушка ашышы үчүн жасалган кадам делген менен бул окуя парламентти санаага батырды десек болот. Өкмөттүн күтүүсүз кызматтан кетүүсү кезектеги саясий оюн катары сыпатталып, парламентти садагага чабыш үчүн жасалып атат деген да пикирлер арбын.

Парламент ичинде да, сыртында ар кандай айың кептер аралап жүрөт. Андай имиштердин бири - президент келерки дүйшөмбү күнү парламентти таркатуу тууралуу жарлыкка кол койушу ыктымал. Мындай сөздү белгилүү саясатчылардын бири атын атабоону суранып билдирди. Депутат Эркин Байсаловдун айтымында, жаңы Конституцияга ылайык президентте андай ыйгарым укугу жок.

- Президенттин андай укугу жок. Парламент гана өзүн өзү таркатышы ыктымал. Эгер президент ошол кадамга бара турган болсо анда бийликти узурпациялоо болуп калат,- дейт Эркин Байсалов.

Чындап эле Акүйдүн жетинчи кабатында ушундай жардык даярдалып атабы? Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев “Азаттыкка” мындай деп жооп берди:

- Азыр саясатта ушул маселе катуу талкууланып атат. Парламентте де муну кызуу талкуулашты. Парламент тарайт же тарабайт деп так айтыш кыйын, муну эми кырдаал көрсөтөт го. Бирок азыр сиз сураган жарлык жок,- дейт Нурланбек Шакиев.

Кыргыз журтчулугунда Жогорку Кеңешти таркатып, парламенттик да, президенттик да шайлоону өткөрмөйүн кырдаал оңолбойт деген пикирлер да айтылып жүрөт. Белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов парламентти таркатканга мамлекет башчы өзү конституциялык жол менен келген президент болсо бир жөн эле дейт:

- Парламент мыйзамсыз, аны таркатчу орган да мыйзамсыз болуп атпайбы. Президент конституциялык реформа жасабай туруп, Акаевдин Конституциясы менен келген. Азыр президент да, парламент да, соттор да Акаевдики,- дейт Бегиш Ааматов.

Бирок айрым депутаттар бүгүнкү туңгуюк кырдаалдан чыгуунун жолун тапса болот дешет. Депутат Айтибай Тагаевдин пикиринде, өкмөт тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитип берсе болот.

Кечээ президент Курманбек Бакиев менен спикер Марат Султанов жолугуп сүйлөшкөн. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиевдин айтымында, парламентти таркатуу эмес, экономикалык маанидеги мыйзамдарды тез арада карап чыгуу, парламенттин ишин жакшыртуу тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG