Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН ИЛИКТӨӨСҮ СЫНГА АЛЫНУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Беслан трагедиясын иликтөө боюнча орус парламентиндеги атайын комиссия парламенттин жогорку палатасына докладын сунуш кылды. Комиссия мындан жарым жыл мурда да иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын сунуштаган. Бул жолу ага көп деле өзгөртүү киргизилбегени айтылууда. Анын жыйынтыктарын сындагандар көбөйдү.

2004-жылы Орусиянын Түндүк Осетия республикасындагы Беслан шаарында болгон барымта окуяларынан 330 дан ашуун адам өлгөн. Алардын көпчүлүгү жаш балдар эле. Окуу жылынын биринчи күнүнөн тарта козголоңчулар 1 200дөй адамды мектептин спорт залында үч күн бою кармап турушту.

Орусиянын коопсуздук күчтөрү менен барымтачылар ортосунда атышуу башталып кетип, ошол учурда көп жарандар көз жумган.

Бесландагы трагедияны иликтөө боюнча орус парламентинде атайын комиссия түзүлгөн эле. Комиссияны Александр Торшин жетектейт. Анын айтымында, орусиялык коопсуздук күчтөрү адамдарды коргоого аракет кылышкан.

- Барымтачылардын бири №1-мектептин спорт залында, буга чейин даярдалган пландын негизинде, жасалма жардыргычты атып жибергени аныкталды. Бул - өкмөттүк аскерлерди «биринчи болуп ок чыгарууга аракет кылышкан» деп айыптап, жардыруу үчүн жоопкерчиликти да федералдык аскерлерге жүктөп жаткандар тарабынан кызуу талкууланып жаткан негизги эпизод. Бирок комиссия, көптөгөн экспертизалардын натыйжасына таянып, «жардырууга террористердин аракети себеп болгон» деп расмий далилдеди, - деп билдирди комиссиянын жетекчиси Александр Торшин.

Бесланда барымтадан тирүү чыккандар, набыт болгондордун тууган-туушкандары жана эксперттер орус жетекчилигин барымтадагы адамдарды куткаруу операциясы учурунда аскерлер «орой ката кетиришкени» үчүн айыптап келишет.

Парламенттик иликтөө ишине катышкан Юрий Савельев сентябрда комиссияны «чындыкты жашырып атат» деп айыптаганы бар. Савельев өзү - жардыргыч заттар боюнча эксперт. Анын жеке иликтөөсүнө караганда, федералдык аскерлер штурм учурунда болгон эки жарылуу үчүн жооптуу.

Парламенттик комиссия Беслан трагедиясы боюнча акыркы билдирүүнү сентябрда эле жасамак, бирок Савельевдин жогоруда айтылган табылгаларынан кийин иликтөөнү улантууга туура келди.

Ошентип, комиссия кечээ докладын жасады. Ага ылайык, Бесландагы мектепти барымтага алууга 32 козголоңчу катышкан. Савельев болсо 78 козголоңчу болгон деп билдиргени бар.

Барымта окуяларында өлгөн жаш балдардын ата-энелери «Беслан энелери» комитетин түзүшкөн эле. Аны Сусанна Дудиева жетектейт. Дудиева кечээ парламенттик комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын кескин сынга алды.

- Бул комиссиянын өзү менин кыжырымды келтирип турат. Ал аябай чоң укуктарга ээ болуп туруп, эми чиновниктер менен тилектеш экенин гана көрсөтүп жатат. Комиссия, эч кандай далили жок эле, барымта окуясына 32 козголоңчу катышкан деп так айтканы да түшүнүксүз. Анткени барымтадан кутулуп чыккан адамдардын айтымында, ал жерде козголоңчулардын саны мындан бир топ эле көп болгон, - деди «Беслан энелери» комитетинин төрайымы Сусанна Дудиева.

Торшин жетектеген комиссия да мектепке чабуулду чечен жана чет элдик козголоңчулар уюштурган деп тапты.

- 2004-жылдын 1-сентябрынан 3-сентябрына чейин адамдарды барымтага алуу окуясы террористтик топтор тарабынан мурдатан эле кылдат пландаштырылып келген. Аны мурдагы чечен козголоңчуларынын лидерлери Аслан Масхадов, Шамил Басаев жана Абу Дзейт менен Хашиев уюштурушкан. Ал эми террор актысын ишке ашырууну айтылуу полковник Хучбаров жетектеген, - деп билдирди орус парламентинин атайын комиссиянын башчысы Александр Торшин.

Масхадов да, Басаев да Беслан окуясынан кийин өлтүрүлгөн. Торшин кийин журналисттерге билдиргенге караганда, козголоңчулардын көпчүлүгү барымта окуялары учурунда баңги затына мас болуп алышкан.

XS
SM
MD
LG