Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

18:00Тоң районунда кыргыз тайганы карышкыр алып, өзүн көрсөттү


КАРАКОЛ. Тоң районунун Кырчын кыштоосуна улам короого тийген чоң көк карышкырды малчылар мылтыктын бутасына ала албай жүрүшкөндө Саламат Акунов менен Замир Мукашевдин кыргыз тайгандары алып түштү. Мындай окуя акыркы 20-30 жылда кездешпегенин белгилеген карыялар көчмөн кыргызга тиешелүү тайгандардын күчтүү таасири кайра калыбына келип атканын колдоого алышты. Анткени Бөкөнбаев айылынан 30 чакырым алыскы Кырчын жайлоосуна Глобалдык экологиялык фонду аркылуу республикадагы кыргыз тайгандары чогултулуп, өстүрүлүп атат. Долбоордун адиси Акуновдун айтуусунда, негизги максаты таза кандуу жылкы жана мергенчилердин жаасы менен тайган ээрчиткен бабалардын мурастарын кайра жаратуу. (RNk)

XS
SM
MD
LG