Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

АЙТМАТОВДУН СЫЙЛЫГЫН ЖАНА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫН» КИМ АЛДЫ?


(Узап бараткан аптаны маданий окуялары)

Шейшемби күнү Бишкектеги “Бефа” борборунда Эл аралык Айтматов клубунун эки жылда бир берилүүчү Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Аталган сыйлыкка Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов, кыргыз театрынын көрүнүктүү өкүлү Гүлшара Дуулатова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү киноператор Манасбек Мусаев жана “Учур” телетеатрынын айрым артистери татыктуу болушту. Эл аралык Айтматов клубунун жооптуу катчысы Айнура Кадырмамбетованын айтымында бул сыйлык Кыргызстандын гана эмес чет өлкөлөрдүн татыктуу инсандарына да берилет.

Шаршемби күнү Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “Арт” клубунун мүчөлөрү менен жолугушуу болду. Иш-чаранын алкагында аталган музейдин 70 жылдык мааракесине карата чыгарылган “Алтын казына” китеп альбому сатыкка коюлуп, түркиялык сүрөтчү Халук Евитандын жеке көргөзмөсү ачылды. Ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман жана башка бир катар мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Бейшембиде Улуттук филармонияда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусундагы маданий иш-чара өттү. Бул иш-чараны Бишкек шаардык маданият башкармалыгы уюштуруп, анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү болуп, концерт менен коштолду. Бул концерттен түшкөн каражат өлкөдөгү мектеп интернаттарына которулары айтылды.


Жума күнү балдардын “Сейтек” борборунда жаңы жылдык балаты өттү. Бул кечени президенттин жубайы Татьяна Бакиева уюштуруп, ага 600 ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келишти. Кечеде балдарга белектер берилип, театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында “Замандаш” элдик журналы “Жылдын мыкты адамдары” сыйлыгынын номинанттарын атады. Кыргызстандын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон эң мыкты инсандар жана мекеме-ишканалар коомчулуктун жардамы менен аныкталды. Жыйынтыгында 27 номинация боюнча “Жылдын мыктылары” аныкталды. “Жылдын мыкты саясатчысы” болуп Марат Султанов, “Мыкты министри” Султан Раев, «Жылдын алыстагы мыкты инсаны» Жусуп Мамай, “Жылдын мыкты жаш ырчысы” Мирбек Иманбеков, «Мыкты спортчусу» номинациясына Канат Бегалиев татыктуу болду.
XS
SM
MD
LG