Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

ЭМГЕК АКЫНЫН АЗДЫГЫНАН ДАРЫГЕРЛЕР КЕТИП ЖАТЫШАТ


Мира Аманбаева, Бишкек Учурда Кыргызстанда тажрыйбалуу дарыгерлердин жетишсиздиги айрыкча региондордо байкалат. Айлык акынын төмөндүгүнөн көптөгөн жогорку адистиктеги дарыгерлер Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге кетип жатышат. Байкоочулардын айтымында мындай көрүнүштү азайтуу үчүн дарыгерлердин айлык акысын 3-5 эсеге көтөрүү керек.

Тажихан Касымова он жылдан бери №11-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акушер-гинеколог болуп иштейт. Элдин турмуш деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу каттоодо турбаган адамдардын саны көп, аларды каттоого алуу үчүн үймө-үй кыдырууга туура келет дейт Тажикан айым:

- Биз үймө-үй кыдырып ооруларды издейбиз. Азыр айылдан келип каттоодо турбаган оорулуулар аябай көп. Аларды бейтапканага каттап, иреттеп, карап атабыз. Бул боюнча иш аябай көп. Материалдык шарты начар кишилерге 3-4 жактан бир кишиге 100 сомдон 300 сомго чейин жеңилдик менен берилчү дарылар жазылат. Алардын ишке ашышы да биздин мойнубузда .

Үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын маалымдоосуна таянсак, учурда Кыргызстанда 706 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Анын ичинен 31и юридикалык статусу бар, 87си үй-бүлөлүк медицина борбору.

Акыркы жылдары үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана борборлору «Сорос Кыргызстан» кору, Азия өнүктүрүү банкы, Жаңы Зеландия өкмөтү, АКШнын мамдепартаменти тарабынан каржылык жана техникалык колдоого алынган. Үй-бүлөлүк медицина боюнча тажрыйба алмашуу максатында Каракол, Ош жана Бишкек шаарларында кыргыз-америка симпозиумдары уюштурулган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо жана алдыналуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Роза Жакыпова:

- Саламаттык сактоонун талабы - калкка жардам берүү. Биз азыр мындай кылып атабыз бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн толугу менен бир үй-бүлөлүк дарыгер карашы керек. Бир жерге кезекке туруп бир кишиге көрүнүп кетиши керек. Ал эми бейтаптар өздөрү ооруп бейтапканага келет да, анан улам бир дарыгерге кезекке турганы туура эмес. Ошондой эле “Дарыгердин депозити” деген программаны чыгардык. Анда жогорку окуу жайын бүткөн дарыгер айылга барып иштесе, айлык акысынан тышкары китепчеге 3 миң сомдон чогула берет. Аны жарым жылда алса болот. Айыл өкмөттөр айтып атат жер, үй берели дарыгерлер келсин деп,- дейт Роза Жакыпова.

Анткен менен көптөгөн дарыгерлер адистиги боюнча башка чет мамлекеттерге кетишүүдө. Үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын башчысы Сүйүмжан Мукеева анын себебин булардан көрөт:

- Орусияда дарыгерлер 1 миң долларга чейин, Казакстанда болсо 10 миңден 15 миң сомго чейин айлык акы алышат экен. Ошон үчүн көпчүлүгү Казакстанда иштеп атышат. Топ-топ болуп кетип атышат, -деди Сүйүмжан Мукеева.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун маалыматы боюнча дарыгердин айлык акысы 2529 сомду, орто медициналык кызматкерлердики 1867 сомду, кичи медициналык кызматкерлердики 960 сомду түзөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун башкы деректиринин орунбасары Болот Элебесов бул көрсөткүч орточо айлыкка салыштырмалуу 40 пайызга төмөн экендигин мындайча түшүндүрдү:

- Бүгүнкү медициналык кызматкерлердин айлыгы өтө аз. Алардын айлык акысы республикадагы орточо айлык акыга салыштырмалуу 30дан 40 пайызга чейин төмөн болуп эсептелет. Азыр Нарын облусунда иштеген дарыгерлердин дээрлик 70 пайызы пенсия убагындагы кызматкерлер. Дарыгерлердин жетишсиздигинен аларды эптеп иштетип жатабыз. Эгер алар 2-3 жылдан кийин иштен кетсе, тоолуу алыскы райондогу калк ошондо медицинадан жардам алалбай калат. Медициналык жогорку окуу жайын бүткөн жаштар алыскы жерлерге барбай калды, - деди Болот Элебесов.

Башында сөз кылган Бишкек шаарынын №11-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Тажикан Касымова өкмөт дарыгерлерге көңүл бурбай калгандыгына нааразы:

- Өкмөт таптакыр эле таштап койду бизди карабай. Биз ант бергенден кийин, медицинаны жакшы көрөм, дарыгерлик антымды алып жүрөм дегендер калдык. Ал эми тажрыйбалуу жакшы дарыгерлер кетип атат, - дейт Тажикан Касымова.

XS
SM
MD
LG