Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

17:40 Баткендеги 6 шахты кениндеги техникалык коопсуздук талапка жооп бербейт


Көмүр шахты кендериндеги техникалык коопсуздук абалын текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы боюнча Баткен облусундагы сегиз шахтынын экөөсүнүн гана техникалык коопсуздук абалы канаатандырарлык деп табылган. Булар «Сүлүктү шахты курулуш» акционердик коому жана Кызылкыядагы «Бешбуркан» мамлекеттик шахты ишканасы.

Калган көмүр казып чыгаруу ишканаларына, коосуздук техникалык абалын оңдоо үчүн февраль айына чейин мөөнөт берилди. Эгер белгиленген мөөнөттө абал толук жөнгө салынбаса, ишкананын жабылышы жана лицензияларынан кур жалак калуусу күтүп турат. Бул тууралуу «Азаттыка» Баткен облус акимчилигинен кабарлашты.

Белгилеп кетчү нерсе, ноябрь айында Сүлүктү көмүр бассейинде 5 кишинин өмүрү кыйылгандан кийин Рахманбердиев атындагы жоопкерчилиги чектелген коомунан шахты кенинин лицензиясы алынып, ишкана жабылган.(SA)

XS
SM
MD
LG