Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда эстрада ырчылары Сапар менен Артык “Атага кат” аттуу алгачкы концертин тартуулайт. Артыктын айтымында бул концерт театралдаштырылган кече болот.

Кечеде көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган “Атага кат” ыры менен бирге ондон ашык жаңы чыгармалар тартууланат.

25-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында президенттик балаты өтөт. Ага өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышат. Салтанатка окуунун отличниктери, олимпиада фестивалдардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана мектеп интернаттардын окуучулары катышат. Иш-чарада республиканын алыскы аймактарынан келген окуучуларга компьютер белекке берилет.

25-декабрдан тартып 28-декабрга чейин жаңы жылга арналган чоң программадагы “Мыскыл жана тамаша” концерти өтөт. Бул күлкү майрамында Бишкектин тургундарына жана конокторуна Күмөндөр Абылов, Борончу Кудайбергенов, Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков жана башка бир катар куудулдар, ырчы-бийчилер менен бирге жагымдуу кеч тартуулашат.

26-декабрда улуттук филармонияда “Рахат” бий ансамбли концерт берет. 27-28-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз эстрада ырчыларынын чоң программадагы жаңы-жылдык кечеси өтөт. Бул концертте кыргыз эстрадасына негиз салган улуу муундагы ырчылар менен бирге жаңыдан чыгып келе жаткан жаш ырчылар катышат.

29-декабрда классикалык музыка сүйүүчүлөрү үчүн “Бишкек-Токио” аттуу концерт болот. Бишектеги Жапон борбору уюштурган бул кечеде Жапониядан келген музыкант Есио Хамано симфониялык оркестрдин коштоосунда жапон, француз, немец композиторлорунун чыгармаларынан тартуулайт.

Бишкекте Түркиянын маданият күндөрү өтүп жатат. Бул жумалыктын алкагында жаңы тартылган ондон ашык түрк тасмалары көрсөтүлөт. Мындан сырткары Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде түрк сүрөтчүсү Халук Евитандын эмгектерин чагылдырган көргөзмө жүрүп жатат. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн авангард стилиндеги отуздан ашуун сүрөттөрү коюлган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG