Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

МАСКӨӨ МЕНЕН КИЕВДИ ТҮРКМӨН ГАЗЫНЫН КАЙГЫСЫ БАСТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Жума күнү Киевде өткөн орусиялык-украиндик саммит учурунда Владимир Путин менен Виктор Ющенко эки мамлекет ортосундагы 2007-2008-жылкы кызматташуу планын кайра карап чыгуу бүтүмүнө келишкен. Украинанын президенти айтканга караганда Керч кысыгы аркылуу өтчү кемелерди чектөө маселесин чечүүгө кез келген. Орусиянын президенти Кара деңиз флоттун Крымдагы базасынын дагы да ал жерде кала берүүсү мурда жетишилген келишим негизинде болушу керек. Ошондой эле эки лидер Түркмөнстандан орусиялык жер менен Украинага жеткирилүүчү газдын коюлушу боюнча да кеп козгошкон.

Агенттиктер маалымдоосунда президенттер Владимир Путин менен Виктор Ющенконун жолугушуусунда беш келишимге кол коюушуу керек болгон. 2007-2008-жылдар ортосунда болуучу стратегиялык кызматташтык, орусиялык-украиналык стратегиялык өнөктөштүк, коргонуу чөйрөсүндө болуучу кызматташтык, реадмиссия боюнча макулдашуу, ошондой эле чегарадан ары бери өтүүдө берилүүчү жеңилдик боюнча келишимдер экен. Бирок саммит учурунда анын баарына эле кол коюушууга жетишкен эмес. Эң башкы маселе Түркмөнстанда пайда болгон кырдаалдан улам көгүлтүр отун тегерегиндеги кеп алдыңкы орунга чыккан.

«Независимая газета» жазганга караганда сентябрда Алексей Миллер менен Сапармурат Ниязов алдыдагы үч жылга күчүн жоготпогон келишим түзүшкөн. Анын арибине ылайык Ашгабад жылына 50 млрд. куб метр көлөмдөгү газды Маскөө жери аркылуу алып чыгып Батышка сатат экен. Түркмөнстан Батыш сатып аткан көгүлтүр отунунун ар бир миң куб метри үчүн 100 доллардан акы табат экен. Арачы болгон «Газпром» өз ноосу менен жеткиргендигине чегерип көгүлтүр отундун баасын кайра бычып, Батышка баасынын көкөлөп жетип атышы ошондон дешет.

Ошол себептүү, маселен, бир эле Украина 2007-жылдан тартып ар бир миң куб метр газ үчүн 130 доллардан акы төлөйүн деп Ашгабад менен макулдашкан экен. Бирок, Түркмөнбашы өлгөнү эми газдын кымбатташын күтүп калды дешет.

«Украинанын региондору» партиясынын саясий аткаруу жетекчиси Владимир Рыбак болсо Кара деңиз жээктерин ижарага алуу боюнча же газ боюнча болсун мурда түзүлгөн келишимдер күчүндө кала берүүгө тийиш:

«Баа буга дейре эле бычылган. Биздин баамда, саммитте кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөр деле болгон жок», - деди.

Эксперттер бүтүмүндө орусиялык кампада газдын көлөмү ал батыш мамлекеттерине берип келе жаткан көлөмдөн аздык кылат. Ошол себептүү Маскөө эгерде Ашгабад менен тил табыша албай калса – милдеттенмесин аткара албайт дешет. Баса, Киевде өткөн саммиттен кийин маалымат жыйынында Владимир Путин көгүлтүр отундун дайыма болорун эскертти:

«Түкмөнстан менен биздин (ортобузда – ММ) Украинага газ жеткирип туру үчүн узак убакка түзүлгөн келишим бар. Эгерде керек болуп баратса, анда кошумча газ отунун коюп турууну кайра кароого биз даярбыз», - деди.

Мына ушул кептен көрүнүп тургандай орусиялык тышкы саясат энергия кубатын өндүрүүчү газ менен тыгыз байланышта болуп калганы байкалат. Ошондуктан көгүлтүр отун алып жагууга муктаж өлкөлөр да аны менен күрөшүүнүн жолун издөөдө дешет. Анализчилер болсо Киев бул күндөрү Кремлдин кысымына орусиялык Кара деңиз флоту үчүн ижарага берген Крымдагы жеринин баасын кымбаттатуу менен жооп кайтарды дешет.

XS
SM
MD
LG