Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

КОНСТИТУЦИЯ КАЙРАДАН ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясынын кайра иштелген вариантын карап баштады.Тийиштүү комитеттин төрагасы Исхак Масалиев депутаттарга түшүндүрмө берди. Депутат Азимбек Бекназаров долбоор бир киши, президент үчүн ылайыкташтырылып жазылган деп сынга алды. Депутат Өмүрбек Текебаев президентке мыйзамдык күчү бар жардыктарды чыгаруу укугун берүүгө каршы чыкты. Анткени, муну менен президент Жогорку Кеңеш тараган шартта энерготармакты менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Депутат Камчыбек Ташиев жаңы долбоорго жабык түрдө добуш берүүнү сунуштады. Ал эми депутат Темир Сариев долбоор авторитардык бийликти кайтарып келүү, күчөтүү максатында кабыл алынганы жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG