Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

ЫЙСАНЫН ТУУЛГАН КҮНҮН МАЙРАМДОО БАШТАПКЫ МААНИСИНЕН ӨЗГӨРҮП ЖАТАБЫ?


Бермет Эгембердиева, Прага Бүгүн Кристиан дүйнөсүндө Ыйсанын туулган күнү белгиленет. Элдер бак-дарактарды кооздоп, үй-бүлөөсү менен бирге улуттук тамак-аштарды даярдап, бири-бирине белек бечкектерин беришет. Бирок бул эмнени түшүндүрөт? Айрымдар үчүн Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо сооданын майрамы болсо, башкалар үчүн бул дагы деле эң сүйүктүү жана кичинекей балдар үчүн эң кызыктуу майрамдардын бири.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддан ашуун христиандар Кристмас майрамын белгилешет. Бул күн Ыйсанын туулган күнү катары белгиленип келет.

Батыш өлкөлөрдө илим динге болгон ишенимди азайтканына карабастан Ыйсанын туулган күнүн маанилүү майрамдардын бири болуп кала берүүдө. Сүйүктүү улуттук майрамды үй-бүлө менен бирген тоскон рахат эмеспи!

Чехиянын борбору Прагада бул майрам шамдагай жана жандуу белгиленет.

Кооздолгон жеңил ат арабалар шагыл таш төшөлгөн көчөлөрдү бойлоп такылдашат. Элдер ысык вино ичип, атайын ушул майрамда жасалчу карп балыгынын этин жешет. Баса Европанын айрым шаарларында бул балыктын этин сатуу жаныбарларга ырайымсыз мамиле катары каралып, сатууга тыюу салынган.

Праганын тургундарынын бул майрам тууралуу ойлору кандай?

Войтек Беллинг:Акыркы 50 жылда биздин өлкөдө бул күн дин тутунгандар үчүн гана эмес, катардагы адамдар үчүн да майрам болуп калды. Ыйсанын төрөлгөн күнүнө арналган майрам, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына арналган майрамга айланды. Өзүнүн христиандык мааниси жоголуп баратат.

Михелла: Мен эчтекеге ишенбейм, ошондуктан Кристмас мен үчүн тамак-аш, эс алуу жана үй-бүлөм менен жана жакын адамдарым менен бирге болуу.

Ыйсанын туулган күнүн майрамы өзгөчө кичинекей балдар үчүн маанилүү. Алар толкундануу менен кабы толо белек-бечкек Санта-Клаусту же башкача айтканда аяз атаны күтүшөт. Ал түн ортосунда балдар уктап жатканда келет. Заманбап сүрөттөмө боюнча, аяз ата толук келген, шайыр, кыска кызыл чапан кийген киши. Анын белектерин канаты бар бугу чана менен сүйрөп келет.

Бирок, ата-энелер бул белектерди алып келген чыныгы Санта Клаус ким экенин жакшы билишет.

XS
SM
MD
LG