Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

«КӨПЧҮЛҮКТҮН КӨӨНҮ ҮЧҮН…»


25-декабрда 41 депутаттын демилгеси менен талкууга салынган Конституциянын жаңы редакциясы жашыруун добуш берүүдө жетиштүү колдоо таба алган жок. Башмыйзамды жаңылоого кызыкдар депутаттар өкмөт толугу менен кызматын таштагандан кийинки түзүлгөн саясий кырдаалдан чыгуунун амалы катарында Конституцияны өзгөртүү аракетине киришкен.

Парламенттеги көпчүлүк депутаттардын өкмөттүн кызматтан кетишинен кийинки түзүлгөн кырдаалга байланыштырып, Башмыйзамды дагы жаңылоо аракетин депутат Темир Сариев президентке кошомат кылуунун бир көрүнүшү катары баалай тургандыгын жашырган жок.

- Эгер кимдир бирөө президентке кошомат кылам десе, анын үйүнө барып короосун шыпырып берсин.

Темир Сариевдин пикиринде, жаңы Конституцияга ылайык президенттин бийлиги күчөтүлөт, атап айтканда, аким-губернаторлорду президент дайындайт, парламент тараган убакта президент 2 ай бою Жогорку Кеңештин милдетин өзү аткарып, мыйзамдарды чыгара алат.

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Исхак Масалиев болсо Башмыйзамдын канча өзгөргөнү менен карапайым калктын деле иши жок, бул саясатчылар үчүн кызыкчылык туудурган нерсе деп белгиледи.

- Эми сурап көрөлүчү өзүбүздүн алыскы кыштактарда жашагандардан: «Конституция деген эмне?» Алар: «Э, билбейм балам, биз жакшы жашашыбыз керек», деп айтат. Конституция үчүн саясатчылар күрөшөт.

Жаңы Башмыйзам президенттин бийлигин чыңдап, Түркмөнстандагыдай өкүмзор башкаруучулукка жол ачаарын депутат Өмүрбек Текебаев да белгиледи.

- Мына Түркмөнбашы өтүп кетти. Жаткан жери жайлуу болсун. Спикерин камап, орунбасарын иштен алып, депутаттарынын баары бирден кол көтөрүп беришти. Отурушат, бечаралар, кол көтөрүп. Мына биз ошондой заманга кетип жатабыз.

Депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылынып жаткан долбоор Конституциянын жаңы редакциясы эмес, жаңы Конституция деди, ага ылайык буга Конституциялык соттун аныктамасы керек эле. Бирок ага экинчи тарап макул болгон жок.

Маселен, депутат Акматбек Келдибековдун ырасташынча Конституцияны жаңылоо демилгесинин артында парламентти сактап калуу, кийинки шайлоого чейин өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу аракети турат.

Парламент спикери Марат Султанов 8-ноябрда кабыл алынган Конституциядагы карама-каршылыктар жок кылынып, бийлик бутактарынын укук-милдеттери так көрсөтүлгөн болчу, деген пикирде.

- Биз президент менен Жогорку Кеңештин ортосундагы карама-каршылыкты алып салдык. Жогорку Kеңеш менен өкмөт ортосундагы карама-каршылыкты жок кылдык. Бирок да президент менен өкмөттүн ортосундагы карама-каршылыкты калтырганбыз.

Адистердин айтуусунда, иштегенине эки ай тололек Конституцияны апыл-тапыл жаңылоо аракети непадам ишке ашып кетсе ансыз да токтолго таппай турган Кыргызстан дагы көчө жыйындар менен көпчүлүк катышкан пикеттердин төөбастысында калмак.

Cүрөттө: Конституциянын тагдыры депутаттар арасында айыгышкан талашты жаратты. Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынган сүрөт.

XS
SM
MD
LG