Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

АКАЕВ ЖАНА АНЫН АСПИРАНТТАРЫН КИМ КУСТУРАТ?


Шaйлообек ДҮЙШЕЕВ

«Агым» гезитиндеги макаласында белгилүү коомдук ишмер Роза Отунбаева, кыргыз калкынын ХИПИКке каршы туруп атканы азыркы бийликтин ишенимден кеткендигинин бир мисалы болорун, эгер карызды төлөөгө жапырт аттанууга туура келсе, ири алдыда элдин ырсы-кешигин 15 жыл бою жеп келген Акаевди, ага кошуп анын сүйүктүү аспиранттарын апкелип, элдин алдына кустуруш керектигин белгилеп, бүгүн ошол Акаевге таандык китепкана, жал жактагы хансарай,»Мээрим» фондунун байлыктары, Ала-Арча менен Ысык-Көлдөгү көптөгөн дачалар, пансионаттар, уулу Айдардын дале жашырылып, сатылбай келаткан байлыктары кайда, алар эмне болду, деген суроо салат. Роза айым ошондой эле азыр Бакиевди жана анын жакындарын багууга өлкөнүн жалпы кирешесинин канча пайызы жумшалып жаткандыгын, өлкө ушундай кыйын кезеңде эл багат деген атка минерлердин көр дүйнөнүн артынан көмөлөнүп, казынадан каражат коротуп, душмандын жеринде жүргөнсүп жансакчы жигиттерди алып жүргөндөрү кайсыл уяттын, кайсыл намыстын ишине жатар экен деген маселе коет. Гезит Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Равшан Жээнбековдун ойлоруна да орун берген. Элчи мырза, Кыргызстандагыдай экономикалык оор абал бир кезде Малайзиянын да башын түшкөнүн, бирок ал өлкө андан ХИПИКке кирбей туруп эле, биринчиден, өз аймагындагы доллар менен иштеген компания, мекемелерди толугу менен көзөмөлгө алуу, экинчиден,ошол эле компаниялардын өз капиталдарын доллар менен сыртка алып чыгып кетүүсүнө тыюу салуу жолу менен суурулуп чыгып кеткенин баяндап берет.

«Эркин тоо» гезити, эки «Боинг» учагын сатып алып, «Эсен Эйр» аттуу авиакомпания түзүп, эл үчүн да, өзү үчүн да иштеп жаткан ишкер Бегалы Наргозуев менен аңгеме-дүкөн курат.

«Кыргыз туусу» гезити аркылуу оюн билдирген ЖК депутаты Акматбек Келдибеков, Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрбөй эле кайра ушул абалга апкелип, баарын талкалаган Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банкты эларалык сотко берүү керектигин белгилесе, «Элет» патриясынын төрагасы Накен Касиев, бийлик кризисинен чыгуунун жолун парламенттин таркашынан көрөрүн, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын орунбасар төрагасы Өмүртөрө Жаңкабылов, шайлоочулардын жалпы санынын 5 пайыз колдоосун алган партия гана өкмөттү түзүү укугун алууга тийиштигин, кризистен чыгуунун жолу элдин биримдиги экендигин айтат.

«Слово Кыргызстана» гезити өлкөнүн саясый күчтөрүнүн талашы Конституциялык реформаны ар кимисинин ар кандай түшүнгөндүгүнөн келип чыгып аткандыгын, кечээ дагы бир Конституция кабыл алуу аракети ишке ашпай калгандыгын, бирок анын авторлорунун бири Камчыбек Ташиев парламентти таратуу үчүн өз позициясынан баш тартпай тургандыгын жазса, буга дейре отуздан ашуун саны чыгып келип жок болуп кеткен «Айгай» гезити мурдагы президент А.Акаевдин кызы Бермет Акаеванын «Жаал жыттанган гүлдөр» деген китеп жазып салганын, ал жакын арада окурмандардын колуна тиерин эскертип, үзүндү жарылаган.

«МСН» гезити «Сибирь жарасы бар деген сөз, бийликтегилердин ойлоп тапканы» деген макаласында, мына ушул коркунучтуу аймак деп аталган жерден бир нече метр аралыкка айыл куруп жашап келаткан «Ала Тоо» конушундагылардын жашоо-турмушуна кызыккан.
XS
SM
MD
LG