Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:08

САПАР МЕНЕН АРТЫКТЫН ӨНӨРҮН КӨРӨБҮЗ


Учурда жаш эстрада ырчылары Сапар менен Артык аткарган “Атага кат” аттуу чыгарма улуу муундагы музыка күйөрмандарынын дагы, жаштардын да жүрөгүнөн түнөк таап, эң популярдуу ырлардын бири болуп калды. Мына ушул өздөрүнүн жүрөктөрүнөн чыккан ырды элдин да жүрөгүнө жеткире бере алышкан ырчылар Кожомкул атындагы спорт ордосунда алгачкы концертин тартуулашууда. “Атага кат” аттуу бул концертте ырчылардын айтымында он бешке жакын элге тартуулана элек жаңы чыгармалар жаңырат.

-Бул ыр кечебиздин сценарийин түзүп жатып, улуу муундардын да табитине туура келгендей, ошону менен бирге жаштарга да жаккандай кылып даярдаганга аракеттендик. Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү концертте жалаң дует ырдайбыз. Ал эми бизди элге тааныткан, учурда мыкты чыгармалардын катарына кирген “Атага кат” аттуу композициябыз сөзсүз жаңырат,- деди Артык.

Беш жыл мурда жазылган бул чыгарманы казактардын ырынан которуп алган деген кеп-сөздөр айтылууда. Ал эми Артыктын айтымында казактардын “Эненин жүрөгү” деген ыр менен болгон окшоштугу аларда скрипка менен домбра кошулса, “Атага кат” ырында кыл кыяк менен комуз кошулган.

-Бул ырдын популярдуу болушуна Сапардын да салымы чоң. Балким, бул ырды мен жалгыз ырдаганда мынчалык деңгээлге жетпейт беле. Минтип айтканымдын себеби, менин үнүм нукура кыргыздын колоритине жакын. А Сапардын үнү заманбап жаштардын табитине жакын,- деди Артык.

Учурда ырчы жигиттердин репертуарында турдүү темадагы ырлар менен катар Баткен окуясына арналган чыгарма да бар. Артык менен Сапар бул ыр да элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан композиция болот деп ниет кылышууда.
XS
SM
MD
LG