Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

БОРБОР АЗИЯ БАЛБАНДАРЫНЫН ТАЙМАШУУСУ


27-декабрда кечинде Бишкекте Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эркин жана грек-рим күрөшүү боюнча эл аралык мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эркин жана грек-рим күрөшүнөн мелдеши балбандардын чоң спортко жолун ачып,такшалуунун мектебине айланып баратат.

Эл аралык мелдеш тууралуу Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбеков буларды айтып берди.

- 2-3 жылдан бери бул мелдешти эл аралык деңгээлге көтөрүп, таасири артып баратат. Биз быйыл өлкөнүн тандалган балбандарын бул турнирге катыштырган жокпуз. Мыкты балбандардын соңунда өсүп келеткан жаштарды сындан өткөрүп алууну максат кылдык. Ошондуктан быйыл Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган турнирде Кыргызстандын намысын негизинен жаш балбандар коргоп жатышат. Ал эми Казакстандын 4-5 облусунан дагы мыкты балбандар мөрөй талашуу үчүн келишти. Жеңип чыккан жаштардан өлкөнүн тандалма командасы түзүлөт."

Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган мелдешке казакстандык балбандарды баштап келген Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Азамат Көкебаев мындай деди:

- Бул турнирге биз Казакстандын 4-5 шаарынан балбандарды сындан өткөрүү үчүн алып келдик. Алардын катарында жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү да бар. Арасында чоң спорттогу жолун ачууга бел байлаган жаш балбандар да келди. Кыргыздар кыйын учурга карабай эл аралык көп турнирлерди уюштуруп, балбандарынын чеберчилигин жогорулатып жатышканы жакшы жөрөлгө.

27- декабрда 5 салмак боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Эркин күрөш боюнча жеңил салмактарда кыргызстандык жигиттер Акай Турдалиев менен Мирбек Абдылдаев баш байгенин ээси болушту. Мелдештин жеңүүчүсү Акай Турдалиев алдыдагы максаттары тууралуу мындай деди:

-Кыргыз туусун дүйнөлүк аренада көтөрүп, кыргыз өңүн тааныткым келет. Жайында Азия чемпионатына барып күрөшөм.

74 кг салмакта бишкектик Рустам Көчөров финалда астаналык Айдың Молдахметовду утуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Ал эми 96 кг салмактын жеңүүчүсү астаналык Кайсар Байтурганов болду.

Грек-рим күрөшү боюнча дагы Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңил салмакта баш байгенин ээси болгон Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Калыбек Жолчубеков мелдеш курч мүнөздө өткөнүн белгиледи.

Бишкектик Азиз Бейшеналиев 60 кг. салмактагы балбандардын мыктысы аталды. Атаандашы Алмаз Түмөнбаев экинчи орунду ээледи.

74 кг салмактын баш байгесин бишкектик Бакыт Шакиев утуп алды.

Калган 5 салмак категориясы боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү бүгүн 27-декабрда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG