Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:41

А.ЖУМАГУЛОВ: «2006-ЖЫЛ ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЖЫЛ БОЛДУ»


Төрөкул Дооров, Москва. Расмий эмес маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусиянын ар башка шаарларында 500 миңден 1 млн.го чейин кыргызстандык эмгек мигранты убактылуу иштеп жүрөт. Алардын арасында Орусиянын атуулдугун алгандар, же алып жаткандар көп. Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берген.

- 2006-жыл Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн кандай өттү?

- 2006-жыл бул жактагы кыргызстандыктар үчүн жаман жыл болгон жок. Жакында биз Москвада жалпы Орусиядагы кыргызстандыктардын алгачкы Курултайын өткөрдүк. Элдин айтышына караганда, бул абдан чоң окуя болду, республикада да буга өзгөчө маани беришти. Ал эми Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты алсак, ал абдан бийик деңгээлге жетти десем болот. Мисалы, эки мамлекеттин ортосундагы соода-жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 400 млн.АКШ долларын түзгөн болсо, быйыл 700 млн.доллардан ашты. Буюрса, эми декабрдын көрсөткүчү кошулса, 800 млн.доллардан ашат го деген үмүтүбүз бар. Бул – абдан чоң маселе. Ал республикага, элибизге чоң эле жардам болот, биздин кошкон салымыбыз болот деп ойлойм. Келерки 2007-жыл мындан да жакшы болооруна ишенем.

- 2006-жылдагы жагымсыз окуялар көбүнчө орус жериндеги улутчулдук менен байланыштуу болду окшойт. Башкасын айтпаганда да, жакында бир кыргыз жигитин мууздап кетишти, дагы бирөөсүн катуу уруп салышты. Ал бир канча күн комада жатып, кийин эсине келген эле. Бул жакта окуп жаткан кыргызстандык студенттердин, эмгек мигранттарынын коопсуздугун коргоо боюнча кыргыз элчилиги, сиз өзүңүз орус бийликтери менен сүйлөшкөндө маселени кандай көтөрүп жатасыздар? Улутчулдук маселеси боюнча алардын жооптору кандай болуп жатат?

- Бул, менимче, абдан туура коюлган маселе. Биз кайсыл бир балакет болуп кеткенин уккан мүнөттөн баштап эле колубуздан келген чараны көрүүгө аракет кылабыз. Өткөндөгү окуяны азыр айтып өттүң, ал боюнча биз Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жибердик: «Ушундай күтүлбөгөн окуя болду. Ал боюнча бүт тийиштүү органдарга тапшырма берип, ага күнөөлүү адамдарды таап, аларды катуу жазага тартсаңар да, анан бизге, республикага жооп берсеңер» деген кат менен кайрылдык. Андан сырткары, бизде бул жактагы укук коргоо органдары менен да байланышыбыз бар. Алар да иликтөө жүрүп атканы тууралуу, прокуратура киришип атканы жөнүндө убадасын берип жатышат. Муну биз жөн койбойбуз. Бул эле эмес, кандай мүшкүл болбосун, анын баарына киришип турабыз. Эми мындай балакет болуп кала турган иш экен, өзгөчө акыркы жылдарда көбөйүп баратат. Бул, чынында, абдан биздин жүрөгүбүздү өйүгөн маселелердин бири. Кайсыл жерге барбайлы, кайсыл орган менен сүйлөшпөйлү ушул маселени көтөрүп жатабыз.

- Элчи мырза, ушул мезгилде эмгек мигранттары үчүн орчундуу маселелердин дагы бири – жакында орус өкмөтү миграция саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кабыл алган токтом болду. Өзгөчө орус базарларында иштеген кыргызстандык мигранттар сатуучулук кыла албай калышат экен. Ушул маселе тууралуу сиздер орус бийликтери менен кандай сүйлөшүү жүргүзүп жатасыздар?

- Жакында президент Курманбек Бакиевдин каты менен орус президенти Владимир Путинге кайрылдык. Себеби Кыргызстан менен Орусия ортосунда 1996-жылы кол коюлган протокол бар. «Ошонун негизинде иштейли, Орусияда жаңы кабыл алынчу мыйзам биздин кыргызстандык эмгек мигранттарына зыян келтирбесе дейбиз» деп кайрылдык. Азыр ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Чечилип калабы, чечилбей калабы – жакын арада билебиз.

- Кыргызстандык мигранттар үчүн актуалдуу суроолордун дагы бири – кош-атуулдук маселеси. Жакында сиз азыр айтып өткөн Курултайга Новосибирсктен келген кыргызстандыктар менен сүйлөшкөнүмдө, алар дал ушул суроо боюнча сизге кайрылалы деп келишкенин айтышкан эле. Сиз аларга эмне деп жооп бердиңиз?

- Чынын айтканда, бул суроого бир эле жооп бар: Орусия кош-атуулдукка каршы. Бирок бул маселе Кыргызстан тараптан жакшы чечилип жатат деп ойлойм. Жаңы Конституцияга да кирди. «Орусияда жүргөн кыргызстандыктар кыргыз атуулдугунан ажырабасын» деген мыйзам да кабыл алынып жатат. Эгер ал мыйзам чын эле кабыл алынып иштей баштаса, Орусияга келип, орус атуулдугун алган кыргызстандыктар өзүнүн кыргыз жарандыгын да сактап кала беришет. Ошондуктан бул проблеманы 100% чечилди деп айтпасак да, биз үчүн, кыргызстандыктар үчүн чечилди десек жаңылбайбыз.

- Бирок буга Орусиянын мыйзамдары жол береби?

- Жол берет, анткени ага каршы эмес. Мигранттар бул жакта орус жарандыгын алып жүрүшсө, а чөнтөгүндө «Кыргызстандын жараны» деген паспорт жүрсө, буларга (Орусияга – ред.) эч кандай тоскоолдугу жок.

- Апас мырза, элчи кантип күнүн өткөрөт? Сиздин күн тартибиңиз кандай?

- Чынын айтканда, азыр уйкуга 4-5-6 саат гана убакыт кетет. Калган мезгилде эртеден кечке ушу элчинин иши менен гана жүрөм. Ишемби-жекшемби күндөрү дем алыш деген түшүнүк жок. Бирөөнү тосуп алыш керек, бирөө менен жолугуш керек, дагы бирөө менен жумуш боюнча бир жактарга барыш керек… Иши кылып, жумуш көп. «Орусия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз» деп жатабыз. Ошондуктан булардын күчүн пайдаланып, республикага кичине болсо да жардам боло турган нерсе жасай алсак, ал үчүн күчүбүздү аябашыбыз керек. Ошон үчүн иштейбиз.

XS
SM
MD
LG