Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:59

БОРБОРДУК АЯНТТА МАЛ СОЮП, АЙТ ӨТКӨРҮҮ КЕРЕКПИ?


“Жаңы мезгил” партиясы, “Сурия”, “Мээр жазы”, Аскар Базаркулов атындагы кайрымдуулук корлору Курман айт майрамына карата Бишкек шаарынын борбордук аянтында бозүй тигип, мал союп, колу жука адамдарга кайрымдуулук акциясын өткөрүү ниетинде болушкан. Тилекке каршы мэрия борбордук аянтты берүүдөн баш тарткан. Коомчулукта кайрымдуулук акциясын аянтта эмес, мечиттерде өткөргөн максатка ылайык эмеспи деген пикирлер да арбын.

“Жаңы мезгил” партиясынын, “Сурия”, “Мээр жазы”, Аскар Базаркулов атындагы кайрымдуулук корлорунун жетекчилери борбордук аянтта курман айт майрамына карата кайрымдуулук акциясын өткөрүү аракеттерин жана анын ишке ашпай жатышын АКИпресс маалымат агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында жарыялашты. Адепки сөздү Кыргызстандын мигранттарынын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борборунун “Жаңы мезгил” партиясынын төрагасы Аскар Базаркулов алды:

- Негизги максат - шариятта жазылгандай, курман айт майрамын ошол борбордук аянтта төрт бозүй тигип, “кан чыгарып” баштайлы дегенбиз. Кедей-кембагалдарды тамак-аш менен сыйлайлы дегенбиз. Өкмөт декабрдын 31ин майрам кылбадыбы. Ага аралаштырбай, 30унда саат 11.00.ден 15.00.ке чейин биз өткөрөлү дегенбиз. Кат жазсак мерия уруксат бербей койду.

Журналисттердин “Эмне үчүн курман айтка арналган кайрымдуулук акциясын мечиттерде эмес, борбордук аянтта өткөргүңөр келди эле?” - деген суроого “Мээр жазы” кайрымдуулук корунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова жардамыбызды жалпы элге көрсөтүп туруп берели дегенбиз маанисинде жооп кайтарды. Бишкек шаардык мэриясынын каршы жообунан кийин акция жаңы конуштарда, балдар үйлөрүндө өткөрүлөрүн кошумчалады.

“Сурия” кайрымдуулук корунун төрайымы” Сурия Осмонкулова болсо Курман айт майрамына карата мындай кайрымдуулук акциясын шаар бийлиги же кыргыз өкмөтү өткөрүш керек эле деп эсептейт. “Жаңы мезгил” партиясынын төрага орунбасары Төлөгөн Карадөңов митинг өткөргөнгө берилген аянтта эмне үчүн курман айт урматына кайрымдуулук иш-чарасын өткөргөнгө болбосун деп күйүп-бышат.

Ал эми АКИпресстеги маалымат жыйынында "Ошондон баштап мэр Арстанбек Ногоев “Жаңы мезгил” партиясынын биринчи душманы!" деп ачууланган “Жаңы мезгил” партиясынын төрагасы Аскар Базаркулов ноябрь айынын башындагы митингди уюштурган “Реформа үчүн” кыймылын кыйла айыптады жана өзү жетектеген партия митингичилерге каршы митингге чыккандыгын да жашырганы жок:

-Биринчиден алар – Текебаев айрым депутаттар менен митингди мөөнөтсүз деп жарыялашты. Митингечилерге каршы митингди болсо 1410 адам уюштурдук. Биз антип чыкпасак тигилер аянтта дагы узакка чейин жүрө беришмек. Баягы бөтөлкөлөрдү оппозициянын башына жаадыргандар биз болчубуз. Мына мен өзүм Текебаевди бөтөлкө менен башка аттым!

Бийликке ошондой кызмат өтөшсө да бийлик өкүлдөрү аянтты азыр бербегенине жогоруда аталган партия өкүлдөрү нааразы болушту. Курман айт кайрымдуулук иш-чарасын аянтта эмес, мечитте өткөргөн орундуу болорун эскерткендер абдан көп. Алардын бири –
“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин төрайымы Төлөкан Исмаилова. Анын айтымында, мэр Ногоев балким туура чечим чыгарып атат. Парламент лигитимдүү иштей албай турган, өкмөт толук курамы менен кызматтан чегинген азыркы учурда коопсуздук маселесине бардыгыбыз кылдат мамиле кылышыбыз керек. Бирок, ушундай кайрымдуулук иш-чаралары мечиттерде өткөрүлсө колу жука адамдар үчүн чыныгы майрам болмок. "Алдынала жарыя берип койсо уктаж адамдар жабылып барып беришет эле",-деп эсептейт Төлөкан Исмаилова.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG