Бул тууралуу шаар башчысы Арстанбек Ногоев менен дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробековдун наамына билдирүү жолдонду. Анда муфтий Мураталы Жумановдун мыйзамсыз аракеттерине каршы мусулмандар жамааты 29-декабрда борбордук мечиттен Москва, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрү аркылуу нааразылык жүрүшкө чыгаары эскертилген.(SM)