Азербайжан 2016-жылы боло турган олимпиадалык оюндарды Бакуда өткөрүү үчүн ат салышаарын президент Илхом Алиев Улуттук Олимпиада Комитетинин жетекчилиги менен жолугушуудан кийин билдирди. Буга чейин АКШ, Италия, Индия, Жапония, Бразилия жана Испания 2016-жылы болчу жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен. 2016-жылы өтчү оюндар өлкө 2009-жылы тандалат.