Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

2006-ЖЫЛ: БУ ДҮЙНӨДӨН КИМДЕР ӨТТҮ, АРТЫНДА АҢЫЗ КЕП КАЛЫП


Жаныл Жусубжан, Прага Атактуу саясатчылар, акындар, кылмышкерлер, террористтер, экономисттер, диктаторлор. 2006-жылы атактуу жана жек көрүндү канчалаган адамдардын көзү өттү. Тиги дүйнөдө кантишти экен билбейбиз, бирок бу жалган дүйнөдө алардын артында жакшы, жаман, ар кыл аңыз кеп калды.

Түркмөнбашынын өлүмү тууралуу кабар 2006-жылдын соңунда бүт дүйнөгө чагылгандай таркады. Эбегейсиз жаратылыш газ байлыгынан улам, дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарында боло турган өлкөнү 21 жыл жалгыз башкарган Сапармурад Ниязов бирок ит жылында оо дүйнөгө аттанган жалгыз диктатор болгон жок.

Декабр айында Чилинин мурдагы диктатору Аугусто Пиночет көз жумганда жолдоочулары аза күтсө, оппоненттери шапар тээп, кубанышты. Дагы башка диктаторлордон мурдагы Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич, жана Камбоджанын канкор Кызыл Кхмерлер режиминин улук жол башчысы Та Мок да ушул жылы жарык дүйнө менен кош айтышты.

Илме кайып Ал-каиданын Ирактагы жол башчысы Абу Муса ал-Заркави жана чечен жикчилдеринин кол башчысы Шамил Басаев экөө тең ушул жылы жок кылынды. Чыгыш Германиянын эң атактуу экс-тыңчысы Маркус Вольф жана Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Александр Литвиненко да алардын артынан кетти. Башына 25 миллион доллар сайылган ал-Заркави 7-июнда америкалык бомбалоодо көз жумса, Басаев орус күчтөрү тарабынан 9-илда өлтүрүлдү.Чыгыш Германиянын Мамлекеттик Коопсуздук министрлигинин тышкы чалгын бөлүмүн жетектеген Маркус Волф 9-ноябрда Берлиндеги үйүндө уктап жаткан жеринен оо дүйнөгө кете берсе, Литвиненко Лондондо полоний деген радиоактивдүү зат менен ууланып, жан таслим болду.

Өткөн жылы жарандык бекем ишенимдери жана солк этпеген эр жүрөктүгү менен таанылган адамдар да арабыздан кетти. Алардын ичинен чечен согушундагы канкорлуктун бетин тайманбай ачып келген журналист Анна Политковскаянын өлүгү 7-октябрда Маскөөдөгү үйүнүн лифтинен табылды. Муза Клебникова - 2004-жылы Маскөөдө атып өлтүрүлгөн "Форбс" журналынын орус басылмасынын америкалык редактору Пол Клебниковдун жесири.

Мен Аннага былтыр жолукканда ал тирүү жүргөнүнө өзү да таң калганын жашырган эмес. "Ишимен алып караганда, менин бүгүн жер үстүндө алты саным аман басып жүргөнүмө кээде өзүм да ишене албай кетем" деген эле,- деп эскерди Муза Клебникова журналистти.

Көркөм өнөр адамдары дүйнө менен коштошкондо айрыкча көңүл өйүйт, анткени дал жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр жана акындар муундан муунга сакталуучу баалуу мурасты калтырышат. 2006да Нобел сыйлыгына татыган египеттик жазуучу Нагуис Махфуз, коммунисттик гулагдан аман калган венгриялык жазуучу Гиорги Фалуди, америкалык белгилүү режисер Роберт Алтман, чуваш тилинде жазган акын жана жазуучу Геннадий Айги чын дүйнөгө аттанышты.

Бул тизмеде биз жактан кыргыз парламентине талапкер, кылмыштуу топтун башчысы саналган Рысбек Акматбаев, өзбек тарыхчысы, басмачылар кыймылын казып изилдеген Баймырза Хаит, кыргызстандык имам Рафик Кары Камалуддин жана Казакстандын мурдагы министри Алтынбек Сарсенбаев болду.

Сүрөттө чечен согушундагы канкорлуктун бетин тайманбай ачып келгендиги үчүн киши колдуу болгон Анна Политковская..

XS
SM
MD
LG