Садабаев ажылыкта жүргөн баткендик жарандын каза тапканынан сөз баштады:
-Буюрса биздин ажылык жакшы сапарында өтүп атат. Ден-соолук, карылык деген болот экен. Бир аксакалыбыз өтүп кетти.
- Ким, ошонун аты-жөнүн айтып койсоңуз?
- Баткенден келген аксакалабыз бар эле 27 жылкы, Сейитказиев Темир деген.
- Ал киши жайга ошол жерде берилет да, туурабы. Падыша өзү чыгымын көтөрөт дейт. Бала-чакасы кантип барып топурак салаар экен?
- Биринчиден, бала-чакасынын, туугандарынын уруксаты керек экен. Балдарынан уруксат алдык, жаназасы окулду, ушул жака жашырылды. Балдарына болсо уруксатты берет, бул жака келип куран окуп кеткенге шарт түзүп беришет. Булардын өздөрүнүн тартиби ошондой экен.
- Жол киресин бала-чакасы өздөрү көтөрөт бекен?
- Бала-чакасы өздөрү көтөрөт.
- Эми мына сиздер Арафат тоосуна аттанчу да убакыт чукулдап калды көрүнөт. Ал жакты көздөй качан аттанмакчысыздар?
- Жыйырма сегизи күнү ошол жака баарыбыз жөнөйбүз.
- Аркарбек мырза, ажыга барган ар бир мусулман курмандык чалып, кой-эчки, же мүмкүнчүлүгү болсо кара мал союшу шарт. Кыргызстандык зыяратчылар койду, же кара малды кайдан алышат жана быйыл койду алса орточо баасы канчадан болот. Сиздер бул жагынан сүйлөшүп койсоңуздар керек?
- Сауд мамлекети жандыктардын баарын булар алдын-ала даярдап коюшкан. Булардын өздөрүнүн банкта эсептери болот. Ар бир каалоочулар ошол банкка акчасын төгүп берсе өзү барып карап турат, малды бул сеники десе, сойсо болот. Мынча көп киши ал жерге баары барып карап туралбайт. Ошон үчүн жетекчилери, топ башчылары барып туруп эле атайын балдарга дайындап, банкка пулун төлөп туруп, анча-мынча карап кете беришет. Бул маселе чечилет. Азыр койдун баасы 80-100 доллардын тегереги болуп атат.
- Аба ырайы жөнүндө да айтып кетсеңиз?
- Аба ырайы жылуу эле. Мисалы, күндүзгүсү дагы эле 30 градустан өйдө болот, саат 11-12лерде 25 градус жылуу болуп турду.