Муфтий Мураталы Жумановду кызматынан кетирүү талабы менен Бишкек шаарына Сузак районунан 32 адам келген. Алар муфтий Жумановго дин башкармалыгын коррупциялаштырып жиберди деген доомат коюшуп, ал кызматынан кетмейин талаптарын уланта берерин айтышууда. Муфтийди кызматынан кетирүү боюнча демилгечи топтун өкүлү Латыпжан Кочкоровдун айтымында, бүгүнкү муфтийдин укуктары президенттикинен да жогору болуп калды:
- Уламалар кеңешинин отуз мүчөсүнүн жыйырмасы кол көтөрүп “кетсин” десе кетет экен. Мунун укугу президенттикинен да жогору туруп калыптыр. Демек, жетимиш пайызы кол көтөрмөйүнчө кетпейт экен. Ошондуктан биз айлабыз кеткенде Оштун, Жалалабаттын, Бишкектин ыңкылапты коргоо комитеттерине кайрылдык. Жардам бергиле, силерде тажрыйба бар, силер президентти бийликке алып келгенсиңер деп.
Ал эми өзүн Сузак райондук элдик ыңкылап комитетинин мүчөсү катары тааныштырган Абдулла Юсуповдун айтымында, муфтий Жуманов ага 20 миң сом сунуш кылып, аны жайына коюну сураган:
- Мага өзүнүн колу менен 20 миң сом эсептеп берди. Керек болсо тийишитүү жерлерде далилдейм. Менде жашыруун камера менен тартылган, диктофондо Мураталы Жумановдун үнү бар. Абдулла, мага ушинтип орун талашып атышат. Адашпаган эч ким жок, мен да жегендирмин, мен да ичкендирмин деп күнөөсүн өзү мойнуна алып атат. Феликс Шаршенбаевичти мен үч күн барып окугам, айыктырып койгом, Куловго айтсам мени колдоп атат деген сөздөрү бар. Эми Феликс Шаршенбаевичти үч күн барып окуп койсо Мураталы өмүр бою бизде муфтий болуп турушу керекпи,- дейт Абдулла Юсупов.
Базар коргон райондук элдик ыңкылап комитетинин жетекчисинин орун басары Анарбай Орозов, эгерде муфтий кызматынан кетпесе бозүй, чатырларды тигип, ачарчылык жарыялаша турганын айтты:
- Чынында бул адам коррупцияга батып кетиптир, коррупциянын эң чокусунда жүрүп калыптыр. Муфтийди бошотмоюн биз кетпейбиз. Биз буга ачарчылык жарыялайбыз, кыргызүй тигип, чатыр тигип биз уюштурабыз.
Мындай талаптарды Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы Жумановдун маалымат катчысы Асан Саипов негизсиз деп эсептейт. Анын ырасташынча, мындай иш-чараларды былтыркы ажылык сапар учурунда чыккан жаңжалга байланыштуу кызматынан алынган муфтияттын айрым кызматкерлери уюштурууда:
- Булардын коюп жаткан талаптары куру жалаа. Булардын дооматтары былтыркы ажылык сапар маселелери боюнча күнөөлү адамдардын бардыгы такталып, атайын комиссия иштеп, бүт бардыгы ким күнөөлүү иштерди жасаган болсо кызматынан бошогон. Бүгүнкү күнү ошол жумушунан бошогон адамдар өз кызыкчылыктарын көздөп, кайрадан бийликке келүү максатында ушундай пикеттерди акча берип уюштуруп жатышат.
Эми мындан ары муфтийдин каршылаштары ал кызматтан кетмейин, улам чечкиндүү кадамдарга бара берерин айтышууда. Ошондой эле алар 31-декабрь, курман айт күнү борбордук аянтта окулуучу майрамдык намазды Мураталы Жумановдун окушуна каршы чыгышарын билдиришти.