- Азыркы учурда мен Кочкор районуна караштуу Исакеев айылында турам. Исакеев айылы жер титирөөдөн катуу залал, катуу зыян келген айыл деп саналып жаткан экен. Учурда 2 адам ооруканада жатыптыр бирөөсүнүн мээси чайкалган, бирөөсүнүн моюн омурткалары жабыркаган деп. Атайын дарыгерлердин кароосуна Бишкекке жөнөтүп жатышат. Андан сырткары учурда 10 үй таптакыр жараксыз деп табылыптыр, ал эми 518 үй болсо катуу жабыркаган, ал эми 1875 үй орточо жабыркаган деп айтылууда. Бул 10 үйдө жашаган тургундар туугандарына, ар кайсы жерлерге көчүрүлгөн экен. Андан сырткары эки айылдын бейтапканасы да жарабай калыптыр, мектептер да жабыр тарткан.
- Исакеев айылы эң жабыр карткан айыл болуп эсептелип атат Кочкор району боюнча. Бизде азыр такыр жарактан чыккан 3 үй бар. Андан сырткары 50 пайызга чейинки үйдү жараксыз деп эсептесек болот. Бирок МЧСтин мыйзамы боюнча такыр талкаланган гана үйлөргө көңүл бурулат экен. Ошондуктан азыр эл кооптонуп турат. Чынын айтсак, көчөдө жүргөн да элдер бар. Көп үй-бүлөлөр өз үйлөрүнөн коркуп башка үйлөргө көчүрүлдү. Талкаланган 3 үйдүн жашоочуларын биз башка үйлөргө көчүрүп, отурукташтырдык, - деди Исакеев айыл башчысы Үсөнбек Сыдыков.
Негизинен азыркыга чейин комиссия айылдарды кыдырып жүрөт. Алардын жалпы жыйынтыгы канча суммага акча каражатка зыян келтирилгендиги, дегеле канча үй жабыр тартканы эртең белгилүү болот экен. Андан сырткары бизге белгилүү болгондой Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Кочкор районуна бүгүн Бишкектен он чатыр, андан сырткары курулуш материалдары, медикаменттер жөнөтүлгөн экен.
- Ал үйсүз калган элдердин ичинде маанай кандай? Алардын ичинде тополоң, паника байкалбайбы?
- Андай деле байкалбайт. Бирок коркуп, кооптонушуп түнкүсүн укташпай дагы жер титирөө болуп кетпесин деп кезектешип эшике чыгып бири-бирин кайтарып аткандар бар экен. Азыр атайын дарыгерлерге да кайрылып көрсөк, коркуп калуу бир аз убакыт өткөндөн кийин да байкала баштайт, бизге кайрылчу адамдардын саны көп болот дешти. Кочкор райондук ооруканасында медикаменттердин бир жумага жетчү запасы бар экен.
- Дагы бир суроо, ошол жерге МЧСтен келе турган жардам эч кандай коррупциялык ыкмалар менен башка бир жака кетип калат, же сатылып кетет деген кымкуут болгон учурларда болуучу мыйзам бузууларга жол берилбейт деген кепилдик барбы жергиликтүү бийлик тарабынан?
- Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков бул абалды билдирүү үчүн атайын президентке жөнөп кеткен экен. Биз акимдин эки орунбасарына жолуктук. Алар бул иш көзөмөлдө тургандыгын айтышты. Чын эле жардамга муктаж адамдарга берилет деп айтышты жана өздөрү кепил боло тургандыктарын билдиришти. Ал эми карапайым эл менен сүйлөшүп көрсөк аларда, албетте, кооптонуу бар. Алар дагы эле жаңы салынган үйлөрүнөн бери курап калгандыгына байланыштуу коркуп атышат, бизге бербей да коюшу мүмкүн, эмне кылабыз, кантип жашайбыз деп кайсы жака кайрыларын, кимден жардам сурарын билбей турушат карапайым калк.