ВАШИНГТОН. АКШнын мурдагы президенти Джеральд Форд 93 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Форд Американын шайлоо аркылуу эмес бийликке келген жалгыз президенти. 1974-жылы президент Ричард Никсон "Уотергейт" чатагына байланыштуу кызматтан кетип, анын ордун ошол кезде вице президент болуп турган Джеральд Форд ээлеген. 1976- жылы Форд президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышкан, бирок демократ Джимми Картерге уттуруп койгон.