Баш мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан Гурбангулы Бердымухамедов президенттикке талапкер болууга жол берген оңдоолор киргизилгенин,кечээ түркмөн гезиттери жарыялады. Кечээ парламенттин спикери Овезгелди Атаев расмий түрдө кызматтан алынганы маалымдалды. Конституция боюнча президент каза болсо, анын милдетин парламент спикери аткармак.