ЖК депутаты Муратбек Мукашев, «Мени мурда Акаевдин баласы коркутчу эле, эми Бакиевдин баласы коркута баштады» деген тема алдында «Лица» гезитине берген маегинде, Бакиев-Кулов тандемине башынан эле каршы болгонун, анткени Бакиев Куловго ушундай «кошулуу» аркылуу гана жеңишке жетерин ойлогонун, жеңишке ал ансыз деле жетмегин, себеби, эл экөөнүн тандеми үчүн эмес, Акаевдин кетиши үчүн добуш бергенин, Куловдун эси-дарты дайыма 1-болууну көксөп келгенин, бул ирет да легендарлуу парламент кезиндегидей ойт берип, агездеги өкмөт башчысы Чыңгышевдин ордуна бара коем деп отставкага кетмей ойнун жасагандай иш жасаганын, бирок, бул ирет ал өтө чоң жаңылышканын… Данияр Үсөновдун эңсеп-самаганы эмнелер экенин, Таштемир Айтбаевдин жигиттигин… башка дагы көп нерселер туурасында кеп салган. Парламент жаңы Башмыйзамга ылайык өзүн өзү гана таратканга укугу бар, ал үчүн депутаттардын 51 добушу керек, бирок мынчалык добушка ээ болуш бүгүн мүмкүн эмес, кокус Бакиев өз буйругу менен парламентти таркатып жиберип, мыйзамга керектүү кошумчаларын кийрип ала турган болсо… анда шайлоо… шайлоо менен революцияга апкелген 2005-жылдын андан жаман картинасы кайталанат, дейт депутат М.Мукашев.
Келе жаткан жылга төлгө салган «Айкын» гезитинин айтымында 2007-жылдын январь айында коалициялык өкмөт түзүлүп, өкмөт мүчөлөрүнүн көп бөлүгүн бийликке күнкарама депутаттар ээлейт, алар өз мандаттарын туруктуу өкмөт түзүлгөнгө чейин тапшырбай кармап турат, Куловдун ордун Д.Үсөнов менен А.Келдибеков талашып, оппозиция тараптан А.Бекназаров Жогорку сот төрагалыгын ээлеп, А.Абдрасулова адам укугу боюнча комиссияны жетектеп калат, Кулов кайрадан оппозицияга өтүп, Текебаев менен биригип, кыймыл түзөт, парламент тарап, электр энергиясы менен мамлекеттин карамагындагы маанилүү обьектилер чет элдик байларга сатылат, Кытай Эркаштам аймагына авиабаза жайгаштыруу үчүн Кыргыз тарапты жарга такап, анан Акүйдүн айласын алты кетирген митинг, жөө жүрүш кайра башталат…
«Алас» гезити Коргоо министрлигинин штабында кызмат өтөгөн жоокерлердин
«дедовшинанын» айынан Бишкектин көчөлөрүндө кайыр сураганга өткөнүн, айрым аскер бөлүктөрүндө катардагы жоокерлерди жергиликтүү дунган байларына кулдукка сатып жиберген фактылары бар экенин, бирок ушунун баары министрлик тарабынан тиешелүү жазасын албай келатканын, кыргыз армиясынын кадыры буга дейрое мынчалык жерге түшүп көрбөгөнүн, айрым жарандар редакцияга кат аркылуу кайрылып, балдарын, бир туугандарын армияга жибергиси келбей жатканын жазган. Ушул эле гезит жоголгон 2 миллиард доллардын кунун кубалап келаткан Алым Токтомушевдин макаласынын уландысы да жарыялаган.