Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

КОЧКОР: ЗИЛЗАЛА МИЛЛИОНДОГОН СОМ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛДИ


Кочкор районунда 26-декабрга караган түнү болгон жер титирөөнүн натыйжасында ар кандай деңгээлде 6 миңден ашуун үй зыян тарткан. Алардын ичинен 10 толук талкаланса, 500дөн ашууну катуу жабыр тарткан. Кечээ өкмөт жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча чукул жыйын өткөргөн эле. «Азаттыктын» Кочкор районунда жүргөн кабарчысы Жаркын Ибраева кырсыктаган аймактагы соңку кырдаалды баяндады.

- Өкмөт өкүлдөрүнөн турган комиссия Кочкордо ишин улантуудабы? Азыр келтирилген зыяндын өлчөмү, жабыр таркан үйлөрдүн саны бүгүнкүгө карата такталып бүттүбү?

- Кечээ, Cиз айтып кеткендей массалык маалымат каражаттары да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме беришип, Кочкордо киши өлүмү болгон жок, 6 миңден ашык имарат жабыркады деп табылды деп айтылган. Зыян 10 млн. сомго чукул деп айтып жатышкан. Бирок, Кочкор райондук комиссиянын жетечиси, акимдин орунбасары Азизов жер титирөө катуу болгон айылдарда дагы атайын комиссиялар түзүлүп иштеп жаткандыгын, учурда белгилүү болгондой бузулган имараттардын саны комиссиялардын ишинин жыйынтыгы менен дагы көбөйө тургандыгын айтып өттү. Мурда айтылгандай эки адамдын мээси чайкалган жана моюн омурткасы жабыркаган делип ооруканада жатат.

Исакеев, Каратоо, Сарыбулак, Кочкор, Теңдик, Акжар айылдарында жер титирөө катуу болгон. Изилдөөлөр ушул убакытка чейин жүргүзүлүп жатат. Эки айылда трансформатору күйүп кетип, жаңы трансформаторлор коюлуп жатат деп айтылды. Акимдин дагы бир орунбасары Роза Абдышеванын айтымында, чет өлкөлүк уюмдардан “Кызыл жарым ай” коому жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белек тартуулашкан. Ал эми Исакеев айылында айылдык комиссиянын мүчөсү Майрамбек Таласов эл аткаруу бийлигине бир аз нааразы экендиктерин айтты.

- Бүгүнкү күнгө карата өкмөттөн кандайдыр бир жардам барбы?

- Бишкектен атайын жардам катары 10 палатка, 10 тонна цемент жана шифер жөнөтүлгөндүгү, 2 трансформатор келатканы айтылып жатат.

- Сиз жана маалымдадыңыз, демек жарык, телефон байланыштары толук калыбына келе элекпи азыр Кочкордо?

- Эки айылдын электр энергиясын кайра калыбына келтирип атышат. Ал эми телефон байланышы калыбына келтирилди.

- Аба ырайы кандай?

- Күн тийип турганы менен, Кочкор районунда ар дайым катуу шамал болуп турат. Үйлөрдү кыдырганда дагы жарылып кеткен үйлөрдө кары-картаңдар, балдар жашаган үйлөр бар. Ал үйлөргө аябай суук кирип аткан экен. Аларды колдон келишинче чүпөрөк менен жыртык, тешиктерин бүтөп коюшуптур. Бирок ал деле көпкө турбайт го.

XS
SM
MD
LG