Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ЭМИ АЯЗ КЫЗДАРДЫН ДА УКУГУ КОРГОЛОТ


Илим Жанузаков, Бишкек Ордо калаа Бишкекте аязкыздардын укугун коргоо акциясы өтүп жатат. “Аязкыз” деп аталган бул акциянын жетекчиси Александр Рогозанын айтымында, “аязаталардын” укуктары кыйла эле үстөмдүк кылгандыктан, көп учурларда “аязкыздардын” укуктары тебеленип калууда. Буга байланыштуу акциянын уюштуруучулары кечээ Бишкектин “Айчүрөк” дүрдүйнө дүкөнүнүн астына чыгышып, аязкыздардын укугун коргоого чакырган баракчаларды таркатышты. Аларга тилектештигин билдирип, Ички иштер министрлигинин академиясынын элүүгө чукул курсанты да акцияга катышышты.

Мындай жаңы жылдык акцияны өткөрүү демилгеси www.pilot.kg форумунун мүчөлөрүнө таандык. Демилгечилердин айтымында бул майрамдык акцияны курч мүнөздөгү башка каршылык акциялары менен салыштырууга болбойт. Анткени, алардын негизги максаты – акыркы убактарда модага айланган түрдүү митинг-акциялардын аркасы менен коомчулуктун аязкыздарга болгон мамилесин өзгөртүү. Акциянын жетекчиси Александр Рогозанын пикиринде, аязкыздар жаңы жыл алдында аяз аталарга караганда эки эсе көп иштесе да аларга караганда аз табышат. Ал эми аз кыймылдап, аз иш кылганына карабай аязаталар башкы планга чыгып, аязкыздар көбүнчө көмүскүдө калып калышат. Бул акция тууралуу Рогоза мындай дейт:

- Бул жаңы жылдык, майрамдык акция. Биз бир гана акция менен проблемаларды чечип кое албасыбызды түшүнөбүз. Тек жөн гана элдерге аязкыздарга башкача мимиле кылса боло турганын көрсөткүбүз келди. Мен үчүн алардын ролу кыйла басмырланып калганы кейиштүү. Ар бир адам билет, аязкыз дайыма майрамды баштайт, балдардын жана чоңдордун көңүлүн ачат. Аязата болсо майрамдын экинчи бөлүгүндө гана пайда боло калат.

Акциянын демилгечилеринин ырасташынча адатта аязаталар аязкыздарга караганда эки эсе көп табышат. Той акысын бөлүшө келгенде көбүнчө аязкыздарга жалпы сумманын 30-40 пайызы гана тийет. Александр Рогозанын айтымында, алдынала берген убадасын бузуп, аязкыздарды кыйын абалга калтырган аязаталар да көп кездешет:

- Бардыгы эле көбүрөөк акча таап алуу үчүн жакшы актерлер менен кызматташсам дейт. Бирок, бул көбүнчө аязаталарга байланыштуу. Анткени алар кээде алдын ала берген убадаларын бузуп коюшат. Кайсы театрдын актеру болбосун сурасаңыз айтып берет. Алар жаңы жыл алдындагы бир канча күн ичинде бир жылдык акысынан эки эсе көп каражат табышат, - дейт Александр Рогоза.

Акцияга биринчилерден болуп Бишкектеги Ички иштер академиясынын курсанттары тилектештигин билдиришкен. Алардын бири Махабат мындай дейт:

- Атым Махабат. Бул акцияны мен группалаштарым менен интернеттен окугам. Анан кызыгып, катышайын деп келдим. Чынында эле ойлоп көрсөң “аязата”, “аязата” деп көнүп калганбыз да. Анан кийин аязкыз эмне үчүн көмүскөдө калыш керек, көп айтылбай калат го.

Акциянын демилгечилери бул маселени бүткүл дүйнөлүк интернет түйүнүндө да талкуулашканын, көптөгөн четэлдиктер ушул акциянын аркасы менен Кыргызстанды жакындан таанып-билип алышканын айтышты. Эми жума соңунда бул акцияга байланыштуу концерттик программалар да уюштурулмакчы.

XS
SM
MD
LG