Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОР ДАЙЫНДАЛДЫ


Жогорку Кеңеш депутаттары 28-декабрда жергиликтүү сотторду дайындоого макулдугун берүү үчүн добуш беришти. Спикердин орун басары Эркинбек Алымбеков соттор али да болсо бийликке көз каранды болуп, алардын кысымы менен айрым учурларда калпыс чечимдерди чыгарып жатканын белгиледи. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов болсо сот иштери боюнча Улуттук кеңештин, аттестациялык комиссиянын, Жогорку кеңештин элегинен өткөн соттор адилет, калыс иш алып барышат деген ишенимде.

Жергиликтүү сотторду дайындоого макулдук берүү үчүн 72 бюлльетен дайындалып, добуш берүүгө 69 бюллетен берилген. Анын үч бюллетени керектен чыгарылган. Депутаттар Жогорку сот сунуштаган 115 судьянын жүз он бирине макулдугун беришти. Төрт судья депутаттардын колдоосун ала алышкан жок. Жергиликтүү сотторго макулдук берүү иш чарасына күбө болуп, байкоо жүргүзгөн Бишкек шаарынын тургуну Мырзалы Турдалиев, парламенттин сотторго макулдук берүүсүнө мындайча баасын берди.

"Сотторду жүз пайыз адилет, калыс иштейт деп айта албайм.Бул жердеги соттордун четинен ар биринде кемчилик көп. Ошондуктан жүздөн ашуун судьяны «оптом» алып келип эле депутаттар макулдугун берип койгону туура эмес.Мен шайлап аткан көп соттордун арарсында адилетсиз соттор көп, деп айта алам."

Турдалиев учурда көпчүлүк соттор өз укуктарын ашкере пайдаланып жибергенине нааразылыгын жашырган жок.

"Соттор акыркы он беш жылдын ичинде өтө эле аша чаап кетишти. Мына бир мисал, азыр биринчи кудай. Кудайдан кийин эле сот. Жада калса президент да соттордун укугун көтөрүп жиберип атат. Бир нерсе болсо сот чечсин деп отурат.Мындай болбойт да. Сот ар бир нерсени адилет чечиш керек," деди Мырзалы Турдалиев.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматынан кыянат пайдаланган сотторго мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын билдирди.

"Мыйзам бузган, коррупциялашкан жана башка терс көрүнүштөргө кириптер болуп калышкан судьяларыбыз дагы жок эмес бар. Мурда квалификациялык коллегияда, атестациялык комиссияда, президенттин алдындагы сот иштери боюнча улуттук кеңеште ошондой соттор боюнча материалдар каралып тийиштүү чаралар көрүлүп, кызматтан кетирүү чаралары көрүлүп жатат."

Осмонов белгилегендей, соттор президенттин укуктук бөлүмүнүн, сот иштери боюнча улуттук кеңештин, Жогорку Кеңештин элегинен өтүп, профессионал адистер тандалып алынып, адилет, калыс иш жүргүзүп соттун аброюн көтөрөт.

Парламент төрагасынын орун басары Эркинбек Алымбековдун пикиринде Кыргызстанда соттордун көз карандысыз болушу үчүн бир нече убакыт керек. Дале болсо сот системасы бийлик системасы менен айкалышып, сот системасындагы кризистен чыга албай келет.

"Сот көз карандысыз болбосо, айлыктары аз болсо, кичине көбүрөк акча берип койгондордун пайдасына чечкенин көргөн эл нааразы болушуп, адилеттин жоктугунан соттун имараттарын басып алышып, тетири жол менен өз укуктарын коргоп жатышпайбы."

Алымбеков ошондой эле, сот системасы реформаланбай, эски боюнча калгандыктан, соттор бүгүн шайлана койсо эле адилет болуп кетишпестигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG