2006-жылы Орусия - дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тобуна төрагалык кылды, мурдагы советтик жумурияттардагы анын таасири бир кыйла күчөдү, башка мамлекеттер менен болгон байланыштар дагы бекемделди, "Газпром" дүйнөдөгү эң кымбат ишканалардын катарына кошулду, өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүү жараянында да орчундуу жылыштар болду.
Аны менен катар Маскөө өзүнүн эл аралык кадыр-баркына дагы өзү бир нече көлөкө түшүрүп алды жана айрым мамлекеттер менен саясатчылардын катуу сынына калды. Жылдын биринчи күнүндө Орусия кошуна Украинага жаратылыш газын бербейм деп, чындыгында бир нече европалык мамлекетти эки күнгө газсыз калтыргандан кийин айрым эксперттер аны "жоопкерсиз мамлекет" деп атай баштады.
Айрым мамлеттер террордук уюм деп тааныган ХАМАС Палестинадагы паламенттик шайлоодо январда жеңип чыкканда, Орусия ага колдоо көрсөттү жана анын жетекчисин кийин Маскөөгө да чакырды. Сентябрда Грузияда бир нече орусиялык тыңчы кармалганда, аны жөн гана моюнга алып, маселени дипломатиялык жол менен чечкендин ордуна, Маскөө Грузияга каршы катуу чараларды көрдү жана президент Путин аны "мамлекеттик террорчулук" деп да атады.
Жылдын башында Маскөө өзү британиялык дипломаттарды тыңчылыктан күнөөлөп, ноябрда болсо Александр Литвиненко Лондондо ууланып өлгөндөн кийин Улуу Британия менен болгон мамиле дагы чыңалды. Ирандын өзөктүк программасынан чыккан маселе боюнча дагы Маскөө эл аралык коомчулуктун жалпы пикирине каршы чыгып келди. Октябрда Маскөөдө атактуу Анна Политковская атып өлтүрүлгөндө болсо, Путин аны - эч нерсеге таасири жок журналист болчу деп атады.
Ошол эле октябрда Израилдин президенти Моше Кацав жанында иштеген аялдарды зордуктаган деп күнөөлөнүп, чатак чыкканда, Путин ага суктанганын билдирди. Чеченстанды башкарган Рамзан Кадыровду бүткүл дүйнө катаалчылыктан күнөөлөп жатса, Путин ага баатыр наамын берип, ага такай колдоо көрсөтүп келди. Орусияда коррупция менен кылмыштуулук өсүп баратат деп айтылганда болсо, Путин Батыштын өзүндөгү мисалдарды келтирип, "мафия" деген өзү орус сөзү эмес деп жооп берди.
2006-жылы Орусияда улутчулдук дагы бир кыйла өстү жана Батыш мамлекеттеринин пикиринде, аны жоюу үчүн бийлик жетиштүү чара көрбөй жатат. Дүйнөнүн көпчүлүк башка мамлекеттеринде көп жылдардан бери калыптанган коомдук пикир менен Орусиянын көз карашы айырмаланганын Маскөөдөгү Саясий изилдөөлөр институтунун деректири Сергей Марков минтип түшүндүрөт:
"Маскөө өз күчүн калыбына келтирүүдө. Бирок ал өз кубаты жөнүндө өзү өтө жогору пикирде. Башка мамлекеттер аны менен макул эмес жана Орусиянын күчтөнүүсүн көп жактырбайт. Натыйжада пикир кагылышуусу чыгууда. Орусия өзүнө - анын чыныгы абалынан алда канча күчтүү мамлекет катары карайт, башкалар болсо анын азыркы чыныгы абалынан алсызыраак болушун күтөт", - дейт Марков.