Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: КЫРГЫЗСТАН ХИПИККЕ КИРСЕ ОРУСИЯ 188 МЛН.ДОЛЛАР КАРЫЗЫН КЕЧЕТ


Каржы жана экономика министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Кыргызстан ХИПИК программасына кирсе, Орусия 188 млн. доллар карызын, Кувейт кору 18 млн. доллар карызын кече турганын «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, ХИПИК программасы боюнча элге түшүндүрүү иштери жаңы жылдан кийин жигердүү жүргүзүлөт. Ал эми өлкөдөгү бир катар саясатчылар, жарандык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын ХИПИК программасына кирүүсүнө каршы болушууда.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын тышкы карызынан кутулуу боюнча ХИПИК программасына кирүүсүн Орусия бийлиги колдоп жатканын билдирди.

"Бүгүн абдан жакшы нерсе болду. Көптөн бери ХИПИКке Степашин каршы, Орусия каршы болуп атат деп айтып атышты эле. Атайын бая күнү президент Курманбек Бакиев менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуп сүйлөшкөндө, ХИПИК боюнча сиздердин да адистер карап чыкса болот эле, биздин министрлер менен сүйлөшсө болот эле деген. Мына ошонун негизинде биринчи вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, Улуттук банктын төрагасы кечээ жакында Орусиянын Каржы министринин орун басары Стропчак менен жолугушуп келишти. Мен дагы Алмаатадагы ЕврАзЭСтин каржы министрлеринин жолугушуусунда Герман Греф менен жеке жолугушуп, сүйлөшүп сурандым эле. «Мүмкүн болсо Орусия өкмөтү ушуга өзүнүн ачык оюн билдирип койсун» деп. Мына алар ачык оюн билдиришти. Эгерде ХИПИК программасы Кыргызстанда иштей баштаса Кыргызстандын 188 млн. карызын Орусия кечүүгө даяр экендигин билдирди".

Акылбек Жапаров Кыргызстандын ХИПИПКке кирүүсүн мусулман өлкөлөрү да колдоп жатышканын билдирди.

"ХИПИКти Мусулман өлкөлөрү да колдобойт деп жатышты эле. Мына Кувейт кору мага кат жөнөткөн экен. Анда, «бере турган акчаларды элге жумшап, жеп-испесеңер биз дагы карызды реструктуризациялоого же толук кечүүгө даярбыз»- деп айтылыптыр. Кувейттик корго 18 млн. доллардын тегерегинде карызбыз. Аны да келерки жылы төлөө мөөнөтү келип калды."

Жапаровдун айтымында, Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтү койгон талаптарга макул болсо, ХИПИКке кирүү боюнча акыркы чечим март айында кабыл алынат. Кыргызстан бир млрд. долларга жакын тышкы карызынан кутулат.

Ноябрь айынын соңунда жаштардын тобу өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин, каржы министрлигин жанында пикет өткөрүшүп ХИПИКке кирүүгө каршы пикирлерин билдиршкен. 6-декабрда Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган эки жүздөй улан-кыздар Эл аралык валюта корунун башчысы Родриго де Ратонун сөлөкөтүн сүрөтү менен кошуп өрттөшкөн.

Кыргызстандын ХИПИКке кирүүсүнө «Реформа үчүн» кыймылы, бир катар жарандык коомдордун, саясий партиялардын өкүлдөрү, көз карандысыз экономисттер каршы болушууда. Алар кыргыз бийлигинен тышкы карыздарды ХИПИКке кирбей башка жолдор аркылуу жоюуу аракетин көрүүнү айтышууда.

«Эркиндик» саясий партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, АКШ баш болгон батыш мамлекеттери ХИПИК менен Кыргызстандын кен байлыгын, таза суу, жаратылышын, энергетика тармагын басып алуу максатын көздөйт.

"ХИПИК-бул өзү кыргыздын улутун жок кылуу. Уулуттук намысты басуу, кор кылуу жолу. Биз каршыбыз"!-деген Топчубек Тургуналиев

Кыргызстандын тышкы карызынан кутулуу үчүн «Эркиндик» партиясы 500 миң сом акча котороорун билдирген. Ал ошондой эле, Акаевден калган коррупциялашкан кыргыз бийлиги ХИПИК аркылуу Кыргызстанды эки эсе карызга батырат деген божмолун да айтты.

Буга чейин «Реформа үчүн» кыймылы, эгерде кыргыз бийлиги ХИПИКке кирүүдөн баш тартпаса келерки жылы январь-февраль айында мөөнөтсүз саясий акцияларды өткөрүшөөрүн расмий билдирген эле.

XS
SM
MD
LG