Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

17:00 Жалалабат облусунда мусулмандардын нааразылык акциясы болду


Облбийлик алдындагы акцияга катышкан 200дөй адам курман айтты 30-декабрга которууну талап кылды.”Айт майрамын туура эмес белгилеген “,”Дин иштерине кийлигишүүдө “ деп, муфтий Мураталы ажы Жуманов менен Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин башчысы Жолборс Жоробековго нааразы болушту. Баракча тарткаткан үч адамдын кармалганын айтышты. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов алар менен жолугушуп, мамлекет дин иштерине кийлигишпей тургандыгын жана бүгүн баракча таркаткандар мыйзам алдында жооп берерин билдирди. Ички иштер кызматчылары жетекчилер менен митингчилердин башчысын көрмө тасмага тарткандарды тинтип, бирөөсүн алып кетүүгө аракет кылды. Ыңкылапчыл жана бийлик адамдарынын талабы менен алар таркап кетишти. Сузак райондук бийлигин алдында жарым саат болгон акцияга да 200дөй адам катышты.(YA)

XS
SM
MD
LG