Жаңы Башмыйзамды кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңеш бир жумалык тыныгууга кетти. Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар 8-январдан 15-январга чейин өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугушат. 15-январдан тарта кайра мыйзам чыгаруу иштерине киришмекчи.